Menu

Камчыбек Жолдошбаев: “Арам акчага тойгон “кыйындар” депутат Сурабалдиевага каршы “кара пиар” уюштуруп, гезиттерге, интернетке каралап жаздырышууда”

Бөлүшүү:

“Биздин Жогорку Кеңеште Элвира Сурабалдиева деген жакшынакай депутатыбыз бар.  Ага каршы азыр бирөөлөр “кара пиар” уюштуруп, 3-4 гезитке жамандап чыгарып, интернет аркылуу таратып жатышат. Бир кезде анын атасынын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алабыз деп аракет кылышкан жолдоштор бар”, – деп билдирди бүгүн, 7-февралда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев.

“Бизде арам акчага тойгон “кыйындар” бар эмеспи. Ошолор туруп алып, Салымбековго окшоп, журналисттерди жалдап, жаздыртып, депутаттарды каралайт.  Мирлан Исакбекович, ушул маселе боюнча карап, эмне үчүн ал депутатты каралап, көрүнгөн газеталарга жаздырып, өйдө-төмөн кылат иликтетели. Ал туура эмес, мен билемин мунун башы каяктан чыкканын. 2005-жылы эмне болгонун, кандай болгонун мен билем. Ал адам биздин депутатты жөн эле каралай бербесин!” – деди Жолдошбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн жумада КР Жогорку Кеңешинин депутаты Элвира Сурабалдиева журналисттерге берген интервьюсунда  экс-премьер Темир Сариев 2005-жылы депутат болуп туруп, Сурабалдиеванын атасы өлүп, денеси сууй электе  анын бизнестерин тартып алыш үчүн спортсмендерин жөнөтүп, Сурабалдиеванын кызматкерлерин сабатып, өзүнө “мен депутаттмын, сен кимсиң? Жакшылыкча бербесең, баары бир тартып алам” деп коркутканын, анан Сокулуктук аксакалдар гана ортого түшүп, Сариевди тыйышканын элге жарыя кылган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: