Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров Кыргызстан боюнча муниципалдык кызматтарда 1200гө жакын кызмат орун бош турганын билдирди.
Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулашты. Депутат Кенжебек Бокоев бош турган кызмат орундарда иштей турчу кызматкерлердин жумушун ким аткарып жатканына кызыкты. Мадумаров болсо ички аппараттагы кызматкерлер жаңы кадрлар алынганга чейин алардын милдетин аткаруучу болуп дайындалып жатканын билдирди.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ