Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 4-февралдагы жыйынында 2018-жылы республикалык бюджет пландагыдан 6 млрд. сомго аткарылбай калгандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты депутаттарга билдирген каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтуусунда, жалпысынан 141,5 млрд сом киреше күтүлсө, жыл жыйынтыгында 135,4 млрд. сом гана киреше алынган. Ошентип бюджеттик план болгону 95,7 пайызга гана аткарылган.
Депутат Зиядин Жамалдинов алдын-ала белгиленген план салык боюнча 2,3 млрд. сомго, бажы боюнча 1,8 млрд сомго, трансферттер боюнча 1,9 млрд. сомго, мамлекеттик мүлк боюнча 200 млн. сомго кем аткарылганын эске салып, бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы сунушталганын белгиледи. “Планды аткаруу боюнча баардык аракеттер жасалды. 141,5 млрд. сом такталган план болчу, тилекке каршы ал аткарылбай калды”,- деп ал да алаканын жайды.
Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн мунайзат өнүмдөрүнүн контрабандалык жол менен ташылып келип жатканына бурду. “Өлкө аймагына 20 миң тоннага чейин мыйзамсыз күйүүчү май алынып келинүүдө. Бул тууралуу силерде маалымат бар, бирок ушул кезге чейин иштиктүү чаралар көрүлгөн жок же алыңар жетпей жатат”,- деп, ал акциздик маркаларга көзөмөл милдетин Айыл чарба министрлигинен алып, Салык кызматына өткөрүп берүү зарылдыгын кошумчалады.
Тилекке каршы депутаттар да, өкмөт өкүлдөрү да бюджеттин дээрлик беш пайызга аткарылбай калгандыгынын себебин, ички, тышкы карызды кантип төлөөнүн жолдорун айтышкан жок. Сыягы, мындай божомолдор, жолдор да жок окшойт.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ