Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, алардын абалдары туруктуу жана тиешелүү дарылоодон өтүп жатышат.
“Алардын жумушка качан чыгары белгисиз. Дарылап жаткан дарыгерлер бул жөнүндө билдиришкен жок” – деп кошумчалады Айнура Акматова.
Белгилей кетсек, буга чейин Сабиржан Абдикаримов пневмонияга, Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыгып, дарыланып жатышканы айтылган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ