Menu

Түркия-Кыргызстан багытында Казакстанды айланып өткөн жаңы жүк ташуучу каттам ачылды

Бөлүшүү:

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда темир жол жана автоунаа жолу менен жүк ташуучу жаңы каттам ачылды. Ал Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Түркия багытында болуп, Казакстанды айланып өтөт.

Бул тууралуу Соода палатасынын өкүлү, «USB Transit» фирмасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди. Анын айтымында, аталган каттамды ачыш үчүн сүйлөшүүлөргө эле эки жылдан ашуун убакыт кеткен.

«Бул каттамды ачыш үчүн көп каражат жана убактыбыз кетти. Жакында 40 контейнер келди, эми дагы 60 контейнер күтүп жатабыз. Биринчи үч контейнер көп кыйынчылык менен эки айда келди. Кийинки 37 контейнер эки жумада келди. Түркиядагы логистика жана жүк ташуу боюнча эң чоң компаниялардын бири «Arkas Logistic» деген өнөктөшүбүз жүктү Түркиядан уюштуруп, вагондорго жүктөп берет. Темир жол менен Грузия аркылуу өтүп, Азербайжанга кирет. Каспий деңизине келгенде паромго жүктөлүп, Түркмөстандан чыгат. Ал жерден кайра вагондорго салынып, Өзбекстан аркылуу Ошко кирет», – деди Талант Маткерим уулу.

Ишкердин айтымында бул жол азыркы пандемия шартында чек аралар жабылган учурда түрдүү тоскоолдуктарды жана коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү айланып өтүүгө ыңгайлуу.

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жүк ташуу автоунаа жолу менен Казакстан аркылуу жүргүзүлчү.

Түркиядан Кыргызстанга азык-түлүк, жеңил өнөр жай товарлары, курулуш материалдары жана медициналык жабдыктар ташылат.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2019-жылы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 426 млн. долларды түзгөн.

Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү бир млрд. долларга жеткирүүнү көздөй турганын былтыр октябрь айында Бакуда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин саммитиндеги жолугушуусунда билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: