Menu

Космосбек кызматтан кетеби?

Бөлүшүү:

Абылгазиевдин мактаган менеджери Космос Чолпонбаев депутаттардын тепкисинде калды. Дегеним 6-февралдагы ЖКнын жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо министри Космос Чолпонбаевге суроо бербей, ыңгайсыз сунуш берип бурчка такады. Депутат министрге моралдык жоопкерчилик алып иштен кетип калуусун айтгы. Анткени, буга чейин өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн эки министрине ичи чыкпай жатканын айткан эле. Алардын бири Жамшитбек Калилов ою жаман орун басары пара менен кармалгандан кийин моралдык укугу жоктугун айтып иштен кеткен. Космосбек мырзанын кымбат баалуу унаасынын чыры басьшбай дагы деле олтурат. Белгилей кетчү жагдай буга чейин транспорт министри Замирбек Айдаров Кытай компаниясынан пара катарыбы же башка жол мененби айтор жолтандабас алып, коомчулуктун сынына кабылып, аягында иштен кеткен. Дагы бир чиновник Зилалиев дагы кытайлардан унаа алып, андан ары ала салып, азыр камакта. Эми болсо саламаттык сактоо министри Чолпонбаев кымбат баалуу эки унаа сатып алган. Анын бирин Талас ФОМСына бериптир. Экинчисин өкмөттүн иш башкармалыгына бериптир, бирок экөө тең министрликтин балансында. Журналисттер анын унааны колдонуп жатканы боюнча сураганда гаражда токтоп турат деген бирок аз күн мурун ошол унаадан түшүп жаткан сүрөтү жарыяланып кетти. Дагы бир белгилеп койчу жагдай эмне Абылгазиев канатына коргоп атат десе экөө шеринелеш дагы экен. Черт возьминики десе.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: