Menu

Фото – АШАнын арабасын сүйрөгөндөр кимдер?

Бөлүшүү:

«Жандооч кийик аттырат» демекчи, кандай гана лидер болбосун, анын айланасындагы коштоочуларынан көп нерсе көз каранды. Баарыбызга белгилүү болгондой, учурда бийлик органдары Алмазбек Атамбаевди камакка алуу аракетин көрүүдө. Тирешүү күч. Мурдагы президент оңой менен колго түшүп бербей турганын айтып, элди чогултуу менен алек. Мындай шартта бийликке каршылык көрсөтүү үчүн «аткошчулардын» бекем турушу өтө маанилүү. Алар кимдер? Биз шефин сатпаган депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Мурадил Мадеминов, Карамат Орозовалардан башкаларына токтолууну туура көрдүк.

Кундуз Жолдубаева

Бул айым пиар, идеологиялык иштер боюнча башкы насаатчы. Бийликке маалыматтык жактан каршылык көрсөтүүчү катары уюштургуч. Тайманбаган, эр жүрөк айым. Атамбаевдин бийлиги учурунда кызматтарды аркалаган эмес, КСДПнын мүчөсү катары кийин белгилүү болду. Ал 2017-жылкы президенттик шайлоодо үгүт иштерине аралашуу менен көрүнүп, шайлоо бүткөндөн кийин партиянын штабында калган. Качан гана шефи бийлик менен келише албай тиреше баштаганда Жолдубаеванын коомчулуктагы «жолун» көрө баштадык.

Фарид Ниязов

Атамбаевдин бийлигинин учурунда кеңешчи, аппарат башчы катары бир топ жыл аттан түшкөн эмес. «Май кармаган бармагын жалайт» дегендей, кызматтын үзүрүн жакшы эле көрдү. Шефи бийлик менен кагыша баштаганы Ңиязов анчалык активдүүлүгүн көрөсөтө алган жок, о.э. качып да кетпеди. Илең-салаң тарта көчтүн ичинде келаткандай. Реалдуу күрөшүүдө анчалык бел боло албады, балким, ага карата козголгон кылмыш иштери тушап аткандыр. А түпкүлүгүндө болсо, мындай фигуралар жоо чалууда эрдик жасабайт, кайып каскагынан жылуу-жумшак төрдө отуруп калуудан жолдуу.

Адил Турдукулов

Мурдагы бийликтин учурунда Адил мырза активдүү оппозициялык позицияны карманып жүрдү. Атамбаевдин өзүнө жана айланасындагы кадрларына ачуу, реалдуу сын пикирлерди байма-бай айтып келген. Анын айынан ыплас каралоолорго кабылган, о.э. митинг, пикеттерге чыгуу менен милицияларга колун кайрытып, айып пулдарды да төлөп жүргөнү эсибизде. Башта кандай оппозициялык багытта келатса, азыр да КСДПнын саясый кеңешинин бараандуу мүчөсү катары Атамбаевге арка-бел болуп, маалыматтык колдоо көрсөтүүдөгү таасирдүү фигуралардын алдыңкы санбында турат.

Рита Борбукеева

Бул айым Атамбаевдин бийлигинин учурунда анчалык деле чоң кызматтарды аркалаган эмес. Болгону губернатордун орун басары жана пансионатта директор болгон. Лидерине берилгени, туруктуулугу жагынан кеп жок. Он жылдан ашык убакыттан бери КСДПнын активдүү мүчөсү. Убагында Борбукеева партиянын алдыңкы тизмесине кирбей калса да нааразы болбой, идея үчүн күрөшкөндөрдүн сап башына чыккан эле. Өзгөчө бир жылдан бери бийликтин пиарщиктери менен ачык күрөшүп, Атамбаевди коргоодо активдешти. Өмүрү өткүчө шефине күйүү үчүн жаралгандай сезилет…

Алга Кылычов

Атамбаевдин бийлиги учурунда оппозицияны шыбап, бийликти жактоо жагынан таанылган. Кылычовдун «Дан» ишканасына директор болгону маалым, бирок ийгилиги белгисиз. Андагы бийликтин аркасынан ирденип алганы маалым. Кайсы бир кесип боюнча адис катары кыйын экенин айта албайбыз, а жаатташуу, ыркырашуу жагына келгенде лидерин колдогону жагынан беттегенинен кайтпайт. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин ишенимдүү коргоочусу болуп жүрөт. Курсагы ток болсо болду, «сүзүшкөндөн» жалтанчудай эмес.

Назгүл Мамытова

Баатыр кыз. Мурдагы бийлик учурунда деле сын-пикир жаза коюп, нейтралдуу багытта жүрчү. Ошого жараша андагы президенттик аппарат Назгүл айымды көзжаздымда калтырбай, ылым-сырап, кызматташканы бар. Кийинки бийликке журналист катары каршы октолуп, Атамбаевдин күйөрманы болуп чыга келди. Беттегенин бербеген, эркек мүнөз Мамытова бийлик башындагы туугандашкандарга тушамыштай эле байланып, сындап келатат. Эң башкысы, күрөшчүл, сатып кетпейт.

Мирбек Айтикеев

Журналист катары калыс берүүлөрдү даярдагандан сырткары, саясатка да аралашып, Атамбаевди коркпой жактаган жаштардын алдыңкы сабына чыкты. Маслократтар, кошоматчылар, дээрлик мурдагы чиновниктер экс-президенттен жүз үйрүп кетишкенде, жаңы муунга үлгү сымал болуп, коркпостон КСДПнын саясый кеңешинен орун алган. Курч, тайманбас мүнөзү менен партиянын көрүнүктүү жаш канаттардын катарында тажрыйба топтоодо.

Нурбек Касымбеков

Оппозициялык кыйын күндөрдө КСДП үчүн күйүп, болгон аракетин жасап келатат. Башта Жалал-Абаддан курултай өткөрүүнүн демилгечиси болуп, кичи мекенинен эл чогулта албай, атургай туугандары менен да пикир келишпестикке барганы маалымдалган. Жан үрөп чоң саясатка аралашууга чамынганы менен арымы жетпей, ортозаар деңгээлде калып, чыйпылдаган «балапандын» образындай жүргөнү байкалат. Бирок, идея үчүн күрөшкөнү, бийликтин машинесине тепселип калбай келатышы эле чоң олжо го?..

Мээрбек Мискенбаев 

2010-жылкы төңкөрүшкө эл катары аралашып, жарадар болуп, ошонун аркасы менен бийлик эшелонуна эрмешип, кыйла эле жакшылыктарды көргөн. Агездеги бийликтин коргоочусу катары жүрчү, оппозицияга айкырып, төңкөрүшчү кесиптештери менен айгай салып. «Апрелчи баатыр» катары таанылган. Депутат да болгону бар. Кийин көмүрдөн бери «жегени» боюнча иш козголуп, бирок далилденбей калдыбы, айтор, бийлик Мискенбаевди жазага тартууга барган эмес. Ушу кезде болсо таластык жердештерин уюштуруп, Атамбаевди колдогондордун алдыңкы катарында. Бетке чабар, коркпойт, саясатка тиши өтпөсө да «саясатчы».

Темирлан Султанбеков

КСДПнын курамындагы жаш саясатчылардын курамына кирет. Партиянын иштерин мигранттар арасында да жайылтууга киришип, Москвадан көп болбосо да тилектештерди тарта алган. Оппозиция талаасында канчалык ысык-суукка күйө турганы азырынча белгисиз. Билими болгону менен кайраты, чыдамкайлыгы жагынан сыноодон өтө элек. Борпоң. «Ура» деп кыйкыргандардын шары менен келатат.

Эрмек Окенов

Партиянын активдүү жаштарынын бири катары таанылууда. Буга чейин Эрмек мырзаны орган кызматкерлери ар кандай айла-амалдар менен кысууга үлгүргөн, а иш жүзүндө майтарылбай, беттеген багытынан жанбай келет. КСДПнын биримдиги, чоң күчкө айлануусу үчүн салым кошууга дилгир. Өзгөчө соцтармактарда өзүнө энчиленген пиар иштери менен саясатка активдүү аралаша баштады. Ушул жүрүшү менен талбай кете берсе, аксабаса, анда бирдеме чыкчудай…

Долон Кайышбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: