Кечээ, 7-октябрдын кечинде А=айтылуу Райымбек Матраимов Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына арналган кечеге катышты.
Ал кечеге Бажы кызматынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен биргеликте, Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн апапарт башчысынын орун басары Эмилбек Бусурманкулов, экес-премьер Амангелди Муралиев жана башкалар катышты. Иш-чараны Кыргызстандын футбол федерациясы уюштурган.
Федерациядан билдиргендей, Раим Матраимов атамекендик футболго зор колдоо көрсөткөн ишкерлердин бири.
“Жыл сайын Спорт боюнча мамлекеттик агентчилик футболго колдоо көрсөткөн инсандар менен уюмдарды белгилеп келет. Быйыл 15 уюм алкыш баракчасын алып олтурат. Алар: Бишкек менен Ош мэриялары, “Шоро”фирмасы, “Газпром”, “Бай-Түшүм”,”Кыргызстан” банкы жана башка компаниялар” – дейт спорт агентчилиги.
Райым Матраимовду өлкөдөгү эң бай жана таасирдүү адамдардын катарына кошушат. 2017-жылы ноябрда аны Бажы кызматынын орун басарлыгынан кетиришкен, бирок кийин ал бажыдан мыйзамсыз кызматтан алынгандыгы боюнча Жогорку Соттон утуп алган, бирок кызматына кайтып барган эмес. Экономикалык кылмышка каршы мамлкеттик кызмат Райым Матраимовдун кирешелерин текшерип, эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Матраимов өзүнө карата айтылган кинелерди жокко чыгарып, бирок бай экенин да жашырганы жок.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/492976021556672/
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ