Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын Футбол федерациясы жаңы президентин шайлады. Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановдун ордуна бул кызматка Канатбек Маматов дайындалды. Бул тууралуу чечим федерациянын бүгүнкү кезексиз отурумунда кабыл алынды.
Федерациянын сайтындагы маалыматка караганда, жыйындын катышуучулары адегенде Футбол федерациясынын учурдагы президенти Семетей Султановдун отставкасын кабыл алышты.
Канатбек Маматов Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп төрт жылга бир добуштан шайланды.
Буга чейин Семетей Султанов кызматтан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын билдирген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ