Menu

Видео – Милиция кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды таап, уюштуруучуларды колго түшүрдү

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаардан кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды табышты. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан имараттардын биринен белгисиз жактардын тобу уюштурган кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарынын көмүскө жайын аныкташкан.  Көмүскө жайда өздөрүнүн гана тааныштарын гана киргизип, купуялуулукту сактап келишкен. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүмү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) менен сотко чейинки иликтөөнү баштаган. Тергөө соту тарабынан атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө токтому чыккан. Жогорудагы токтомдун негизинде 2019-жылдын 7-февраль күнү Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте Тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлерин тартуу менен кумар оюндарын өткөрүү жана мыйзамсыз кумар ишкердигин уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган атайын операциясын жүргүзүшкөн.  Жогоруда көрсөтүлгөн дарек текшерүүгө алынган.   Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзүшкөндүгү аныкталган жана компьютерлердин жанында  7 оюнчу бар болгон. Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан. Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган К.С. аттуу жашоочусу (аял киши) болгон. Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган. Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү бет кап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган.
Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. аттуу жашоочусуна (аял киши) таандык.
Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды  аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: