Menu

Түркия Кытайды уйгурлар мажбурлап кармалган «саясий кайра тарбиялоо» лагерлерин жабууга чакырды

Бөлүшүү:

Расмий Анкара Кытайды уйгур азчылыгынын укуктарын сыйлоого жана алар мажбурланып кармалып турган лагерлерди жабууга чакырды. Бул тууралу Туркиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Хами Аксой билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

«Миллиондон ашык уйгур түрмөлөр менен концлагерлерде мажбурлап камоо, кыйноо жана идеологиялык басым көрсөтүү саясатына кабылышты. Кытайдын сыртында, анын ичинде Түркияда жашаган уйгурлар андагы туугандары тууралуу маалымат ала албай жатышат. XXI кылымда концентрациялык лагерлердин пайда болушу — бүтүндөй адамзат үчүн уят. Кытай бийлигин уйгур азчылыгынын негизги укуктарын сыйлоого жана концлагерлерди жабууга чакырабыз», — деп билдирди Аксой.

Өз билдирүүсүндө ал акыркы жылдары Кытайдагы уйгурларга жана башка мусулмандарга карата басым күчөгөнүн белгилеген. Анын айтымында, «уйгурларды толук ассимиляциялоого багытталган кезектеги кадам 2017-жылы октябрда, расмий деңгээлде диндерди «кытайлаштыруу» саясатын ишке ашыруу жарыяланганда башталган».

Аксойдун айтымында, уйгрулардын абалы тууралуу маселе Түркия тараптан Кытай менен болгон сүйлөшүүлөр маалында дайыма көтөрүлүп келет. «Эл аралык коомчулук менен БУУнун башкы катчысы гуманитардык трагедиянын алдын алуу үчүн натыйжалуу кадамдарды жасашы керек», — деп эсептейт түрк дипломаты.

Өткөн жылы августта БУУ Шиңжаңдагы «саясий кайра тарбиялоо» лагерлеринде миллионго жакын мусулман кармалып турушу мүмкүн экенин билдирген.

Өз кезегинде Кытай ал жайларда укугу чектелген адамдар кармаларын четке каккан. Пекин аларды «билим берүү борборлору» деп атап, «азчылыкты түзгөн улуттардын өкүлдөрүн интеграциялап, «экстремизм менен терроризмге каршы» күрөшүп жатканын белгилеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: