Menu

Кепинде чөнтөк болбойт

Бөлүшүү:

Баарыбыз эле пендебиз. Бирок, айрым адамдар байлыктын даамын татып алган соң  турмушту оомал-төкмөлдүгүн унутуп жалаң дүйнө-мүлк чогултуу менен алек болот. Өмүр боюу чогулталбаган байлыкты эпчилдер кыска убакта жыйноого жетишип кечээгисин эсинен чыгарып жиберишкен учурлар ого эле көп. Түзүлгөн кырдаал да андай өзүмчүлдөргө сонун ыңгай түзүп берерин иш жүзүндө көрдүк го.

Союз тарар замат приватизация “урааны” ураалап чыгып 70 жыл бою жыйналган мүлктү
бир ууч кыйындар эле бөлүп-жарып алып коюшканын көрбөдүк беле? Ошондой агымдын
“алкымдыларын” жымырып калган мурдагы орто заар адамдар дароо көпөскө айланганы боюнча былк эткис фактыларды дале болсо чууруп чыкса болот. Ири ишканаларды, завод, фабрикаларды, бала бакчаларды, короо-сарайларды, фермаларды, турак-жайларды, дүкөндөрдү, ашканаларды ачкөздүк менен өзүнө каттатып алгандар курсак байлап, байбача болуп калышкандыгын карапайым эл унута электир? Бечара адамдар бөлүнүп берилген он койунун, бир жылкысынын, эки торпогунун түбүнө бир кышта эле жетип иши жок, жегенге нанын таппай кыйналган кез мурда күнү эле болгондой элес калтырат. Ал эми элдин ырыскысын тартып алган карөзгөйлөр ошол эле шордуулардын жонунан кайыш алып процентке акча берип, төлөй албаса жашаган үйүнө ээлик кылып биротоло терисин сыйрыбады беле?

Азыр деле ошондо өсүп чыккан байлардын саны арбып, алардын балдары, жээндери,
кайын журту үстөмдүк кылып жатканы калппы? Анда эмесе түз сүйлөгөнгө аракет кылып
көрөлүчү? Учурда өлкөдө 200 жүздөн ашуун бай бар экендигин дайыма айтып келебиз. Ошолор кимдер деген суроонун жообун так көрсөтсө болоттур? Албетте, парламентте отурган депутаттардын 90 пайызы көпөстөр экенин өзүлөрү деле танбаса керек? Ошол эле Бакыт Төрөбаев, Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Абдимуктар Маматов, Садык Шер-Нияз, Динара Исаева, Эльвира Сурабалдиева, Нурбек Алимбеков, Исхак Пирматов жана башкаларды томурайган кембагал деп ким айта алат? Теңиртоолук Шакинин, Аскар Салымбековдун, Роман Шиндин, Жалил Атамбаевдин, Раим Матраимовдун, Нариман Түлеевдин, Камчыбек Жолдошбаевдин, Кубанычбек Жумалиевдин, Улан Примовдун, Акылбек Жапаровдун байлыктарын саноого бир айлык убакыт аздык кылат. Качып кеткен Аскарбек Шадиевдин эле не деген сан жеткис байлыгы бар экенин ачык көрдүк го. Дагы канчасын тың чыкмалар жашырып койгону боюнча имиштер чубалып жатканы бекерден эмес. Төңкөрүштөн кийин “кичинекей миллионерге” айлангандар өсүп чыкканы боюнча кызыктуу фактыларды өлкөнү башкаргандар деле сөз удулу келгенде айтып калышат. Чынында андай байлар деле жетилип алып, алыска болбосо да жакын аралыкка кайкып-конуп барып калышат. Арийне, эки жүз байдын баарын тизмелей берүүгө кызыкчылык жок. Биз жөн гана алибеттүүлөрүн тизмеге салдык, фактыга таянып.

“Кепиндин чөнтөгү болбойт”- деп айтылган сөздүн маанисине келсек кандай чечмеленет?
Анын жандырмагына баш оорутуп деле кереги жок, туурабы? Болгону: – Эй пенде, сенин барар жериң эки метр муздак жер, ошондуктан ашыкча байлык чогултпай, бул тирүүлүктө бирөөгө жакшылык кылып, жаман жолго түшпөй, адал эмгегиң, жүрүм-турумуң менен өзгөлөргө үлгү бол дегенди эле билдирет десек туура келет. Ошондуктан жасалма болуп кубулуп, калп эле ак көрүнүш үчүн мечитке барбай, андан көрө ашыкча оокатыңды кембагалдар менен бөлүш. Соопко жараганыңды ошондо айтышат. Кайрымдуулук иштеринен четте калбай, майыптарга, карыптарга колуңду ак пейлиңден сун. Бергениңди колко кылба, аз берсең да ичиңди оорутпа. Жашап жаткан өлкөң каржалып турганда тикеңден-тик туруп,  бараандуу салымыңды кошсоң сенин мекенчилдик сапатың сөзсүз
бааланат.

Аттиң, тилекке каршы байлыкты башкы көзүргө айландырып алган сараң көпөстөр бул
айткандын бирин кылбайт деп так кесе айтууга негиз бар. Мындай сүлүк курттар болгону акчасын шайлоодо эбегейсиз чачууга бет алышкан. Азыркы күндө ондогон байлыгына манчыркап жүргөн эпчилдер эмитен элдин добушун сатып алуунун амалдарын издеп, маалымат каражаттарын түзүп, ага каражатын салып, ийкемдүү жазмакерлерди топтоп өзүн даңктатууга, мактатууга катуу киришишти. Капыстан көзүңдү жалдыратып алдына барсаң тескери бурулуп кетээри турган иш. Жүздөн бири гана анча-мынча бирдемкесин себелеп коюшу ыктымал, эгерде жака-белинде бөтөн кишилер бар болсо. Бийликти, байлыкты баарынан жогору койгондор дайыма ошого көз артышат жана бүткүл өмүрүн ушуга арнап салышат.

Атаганат, байлык менен ооругандар акыры бара турган жерин ойлонушар бекен? Чөнтөгү
жок кепинге оролуп жерге берилгенин чындап ойлошсо эмнеге азыткыдай азгырган байлыкты көп жыйноого бүт өмүрүн чегерүүгө куштар болушат? Бул абдан талаштуу суроо. Мунун тереңине кирип чечмелеп алууга байлык илдетине чалынгандардын убактысы жок. Өмүр деген зып этип учуп кетчү канаттуу куш десек болот. Жашоонун өзү бумеранг. Бирөө ичерге суу издеп жүрсө, дагы бири кантип адамча жашайм деп заманасы куурулат. Азыркы доордун эркелери болсо кантип өлкө башкарсам болот, мандат алыш керек эле деген кыялдардын кучагында. Айтор, тирүүлүктүн кемесинде жетишпегендиктен ыйлаган кедейлер, көпкөн, манчырган байлар кетип баратат. Антсе да барар жерлери бир, чөнтөгү жок кепинге оролушат баары-байы да, кембагалы да…

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: