Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы акча талап кылуу боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын биринин жетекчиси менен эки инспектор кызматтык абалын колдонуп, жеке ишкерден акча талап кылышкан. 50 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн инспекторлор алардын биринин ысымына банк аркылуу которуп алышкан. 2019-жылдын 18-январында алар салык карыздын баасын төмөндөтүү үчүн паранын экинчи бөлүгү катары ишкерден «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын талап кылышкан.
«Кармалгандан кийин Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык СИЗО-1ге камакка алынган. Ал эми февралда Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан четтетилген. Азыркы учурда кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ