Menu

Эки президенттин оозун ачырган Райым ким?

Бөлүшүү:

Миллиондор кантип келди?.. Ток этерин айталы. “Райым миллион” боюнча коомчулукта өтө эле көп уламыш бар. Бул уламышка чыканактай кара бала кантип жетишкен? Бажы кызматына жөнөкөй кызматкер болуп келип, бардык “серый схемаларды” кол менен жасап чыккан «Райым миллион» бажыны кантип сызга отургузду? Суроолор абдан көп…

Россиянын өкмөтү 2016-жылы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп, экономикадагы тескери сальдону изилдей башташкан. Орус премьер-министри Дмитрий Медведев Россия базарын Кытай товарлары басып жатканын, ал жерде көрсөткүчтөр Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин берген статистикасы менен Казакстан, Кыргызстан мамлекеттериники туура чыкпай, ал ортодо Кытай менен Кыргызстан мамлекеттеринин соода-сатык айлануусундагы каражаттарынын аз эмес айырмачылыктары баарынын башын ооруткан. Айталы Кытай импорттоп, Кыргызстан аркылуу өткөргөн товарларынын көлөмү бир башка, Кыргызстандын Бажы көзөмөлүнөн кирген товарлардын көлөмү такыр башка болуп чыккан. Бул маселени терең изилдөө үчүн орус премьери ФСБнин башчысы Николай Патрушевге кайрылат. Ал болсо экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерин биздин УКМКга бирдиктүү иш алып барууга жөнөтөт. Атайын
кызматтар биргелешкен оперативдик топ түзүлүп, эч кимге билинбестен Ош областына барышып, «Эркечтам» бажысына бир жума көзөмөл жүргүзүшкөй: Бул оперативниктер Кытай, Эркечтам, Ош аркылуу канча товар Кыргызстанга кирип, андан ары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине чыгып жаткан оор жүк ташуучу машинелердин санын алышкан. Ушул жерде алар бир окуяга туш болот. «Райым миллион» иштеп чыккан схемалардын бири бул “спецтариф”. Спецтариф дегени чек арага жакын бажы көзөмөлүнө акырындык менен өздөрүнө тиешелүү жыйылып калган 200-300 машинелерди бир эле учурда, бир убакта эч кандай текшерүүсүз, көзөмөлсүз кое берип турган. Андан тышкары кирген товарлар бажы көзөмөлүнөн тряпка, керексиз материалдар катары каттоодон өтүп декларация толтурулса, иш жүзүндө ал фуралардын ичинде 300-400 миң долларлык товарлар кирип турган.

ФСБ ушул иштер боюнча бир жумалык отчет жазып, аны Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн премьер-министрлерине жашыруун гриф менен кызматтык кат жазышкан. Ошол катта «Райым миллион» күнүнө 700-900 миң доллар таза киреше көрөөрү туралуу маалымат берилгени тар чөйрөдө кеп болгон. ФСБнын кызматкерлери кетип жатып, “Кыргызстанда 10 миллион долларга революция жасаса болот, «Райым миллионуңар» айына орто эсеп менен 20-25 миллион доллар табат экен. Демек айына эки жолу революция жасап турганга кудурети бар”, – деп күлүп кетишкени бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт. Ошол маалыматты ал кездеги президент Атамбаевге алып келишип, ал тургай Россиянын биринчи, экинчи адамдарына чейин Атамбаевге кайрылышып, “Райымды тез арада жогот” деген өтүнүч көрсөтмө беришкен. Атамбаев менен Матраимовдун «махабаты» ушул жерде токтогон. Маалыматты башка жакка буруш үчүн Атамбаевдин кызы менен Райым Матраимовдун кайын эжеси кабылган жол кырсыгы Райым тарабынан атайын жасалган провокация болгон.

Ал эми азыркы бийлик менен казак президенти Нурсултан Назарбаевдин биринчи расмий жолугушуусунда дал ушул маселе көтөрүлүп, «Райым» феномени талкуулангандыгы боюнча чоң сөз жүргөн. Бирок расмий эч нерсе айтылган эмес. Кечээ жакында да орус президенти В.В.Путин Сочиде биздин бийликке дал ушул маселени койду деген имиштер тарады!..

Капар Искендеров

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: