Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемеси курулган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов маалымдады. Анын айтымында, алардын ичинен 49 мектеп, 25 спортзал, 4 бала бакча жана 2 билим берүү объектиси. Азыркы учурда өлкө боюнча 84 пайыздан ашык мектеп интернетке кошулган. Кыргызстандагы бардык мектептерди интернетке кошуу боюнча иштер жүрүүдө.
Айта кетсек, учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы
алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ