Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык жана идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин кыргыз өкмөтү полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди колдонууга тыюу салуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштаган. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ