Menu

Галина Байтерек, КТРКнын гендиректорлугуна талапкер: “КТРКны өзгөртүү керек. Колумдан келет!”

Бөлүшүү:

КТРКнын башкы директорлугуна ат салышкандардын саны да, кимдер экени да аныкталып калды. Мына ошол кызматка ат салышкандардын арасында “болгон мүмкүнчүлүгүмду КТРКны көтөрүүгө жумшайм, болгон тажрыйбамды коомдук каналдын өнүгүшүнө колдоном” деген дасыккан адис Галина Байтерек да бар. Галина Байтерек бир канча жылдан бери телевидениенин ысыгына күйүп, суугука тоңгондордон. Учурда КТРКнын Социалдык-экономикалык жана инновациялык программанын башкы редакциясын башкарат, Ошондой эле “Стратегия 2010” деген президенттик программанын редактору жана алып баруучусу.

– Галина эже, дасыккан адиссиз. Сөздүн башын телевидениеге көрүүчүнү кантип тартуу керек? Теле көрсөтүүдөн ошол каналдын финансылык абалын байкаса болобу деген суроодон баштасак…

– Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар телевизиондук продукциянын өндүрүшүнүн рыногун өзгөрттү. Программаларды (“баш кийимден” аяккы заставкага чейин) чечүү зарыл. Маселен, компьютердик графика, студиянын чечими, сүрөттөрдүн сапаты, оператордун, журналисттин, алып баруучунун жана режиссердун кесипкөйлүгү, аталган программалардын өндүрүшүндө кандай техникалык каражаттар колдонулгангандыгы каналдын финансылык абалына көз каранды. Жыйынтыгында, жогоруда баяндаган бул беш мүнөздөмө “кантип иштеп жаткандыгы” КТРК көрүүчүсүнө кандай контент тартуулаганына байланыштуу болот. Ошону менен телевидениенин сапатын жакшыртууга оригинадлдуу идеялар да керектелет. Сапаттуу сценарий – жана көпчүлүк программаларга эмоционалдык мамиле да жетишсиз. Мына ушул нерселерди жолго салып алсак, теле көрүүүчүлөр өзүнөн өзү тартыла баштайт.

КТРКда акыркы жылдары каналдын техникалык жабдууларын жакшыртуу боюнча көптөгөн алгылыктуу иштер жасалды. Эми программалардын мазмунун сапатын жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди баштоо зарыл. Анткени, анын натыйжасында каналдын кызыктуулугу жана көрүмдүүлүгү жогорулайт. КТРКда ар кандай жанрдагы, атап айтканда балдар, көңүл ачуучу, социалдык-экономикалык программаларды даярдоо жана теле көрсөтүүнү алып барып жүрүп, көп тажрыйбага ээ болдум, андыктан теле продукция өндүрүшүндөгү ыкмаларды кескин өзгөртүү маанилүү деп эсептеймин. Мисалга, ала турган болсок бизде беш күнү-түнү иштөөчү каналдар бар. Бирок, тилекке каршы, алардын штаты азыркыга чейин толук чечилген эмес. Ошол беш каналда иштеген кызматкерлер бир эле учурда КТРКнын негизги каналында да иштешет. Редакторлордун, операторлордун иштери ченемден ашыкча жүктөлгөн бул жагдайдан алып караганда кантип контент сапаты жөнүндө сөз кылууга жана күтүүгө болот деген маселе жаралат. Менин көз карашымча, ар бир күнү-түнү иштөөчү канал үчүн өзүнүн кызматкерлеринин штатын түзүү зарыл деп эсептеймин. Бул алардын ишине болгон мамилени өзгөртөт, натыйжада сапаттуу жаңы программалар пайда болот.

Телевизиондук программалоого, өзгөчө көңүл буруу зарыл. Көрсөтүү сеткасынын түзүлүшүн, башкача айтканда “телевизиондук күн” түзүмүнүн принциптерин өзгөртүү керек. КТРКнын эфиринде айрым программалардын мазмуну боюнча бири-бирин кайталаган учурлар кездешет. Программалардын рейтинги аныкталбайт, 17:00 – 19:00 чейинки прайм-таймдагы кечки аудиториянын көлөмүн көбөйтүү үчүн эфирге күчтүү, талап кылынган долбоорлорду алып чыгуу зарыл. Алар КТРКда сейрек кездешет. Жыйынтыктап айтканда, иштин баары редактордун гана мойнуна жүктөлөт.

Сапаттуу контент болушу үчүн креативдүү, чыгармачыл адамдардын тобу иштөөгө тийиш. Мындай профессионалдуу адистер КТРКда бар. Бул топтун курамына сценарий жазуучулар, редакторлор, алып баруучулар, режиссерлор, операторлор, техникалык персонал, жасалгалоочулар, жарык берүүчүлөр, аткаруучу продюсерлер кирүүгө тийиш.

– Кандай маселе бүт Кыргызстандыкты ойго салат, кандай теле көрсөтүү болсо элдер теледен көзүн албай карап калышы мүмкүн?

Менимче, экономиканы кантип өнүктүрөбүз деген проблемалар ар бир кыргызстандыкты түйшөлтөт, элет жериндеги дыйкандар, багбандардын, уузчулук менен алектенген жөнөкөй айыл адамдарынын турмуш шарттарын жакшырткан себептерин анализдеп, маңдай тери менен үй бүлөлүк кирешесин толтурган чарбакер адамдар жөнүндө, улуттук буюм-тайымдар менен эл аралык рынокко чыгуунун жолдорун табуу тууралуу чагылдыруу керек. Элдин көйгөйүн чагылдырган телекөрсөтүүлөр көбүрөөк бериле баштаса, эл өзү эле тартыла баштайт.

– Сизди эмне өкүнтөт?

– Биздин телевидение көбүнчө жаштар үчүн окуу полигонуна айланып баратышы өкүндүрөт, алар белгилүү бир тажрыйба топтоп, чет өлкөлөрдө практикага, ар кандай стажировкаларга барып, тажрыйба алмашып келгенден кийин эмгек акысы жогору төлөгөн башка каналдарга кетүүгө аргасыз болушат. Ошон үчүн, КТРКда тажрыйбалуу жогорку кесипкөй алып баруучулар, режиссерлор, операторлордун эмгек акысын талаптагыдай төлөгөндү жолго салышы керек. Антпесек, профессионалдардын көбү жеке каналдарга кетип калышы толук ыктымал.

– Кыргызстан санариптик телевидениеге өткөнү КТРКны жандалбастап иштете турган атаандаштар пайда болдубу?

– Кыргызстандын санариптик телевидениеге өтүүсү менен, теле көрүүчүлөр абдан сапаттуу видео жана жагымдуу үндү уга башташты, каналдардын саны өстү. Ушуга байланыштуу КТРК атаандашып иштөө абалында калды. Бул жакшы жагы. Ошондой эле алыскы, чек арага чектеш жана тоолуу айылдардагы КТРК сигналынын сапатына көңүл буруубуз зарыл. Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу тууралуу унутпообуз абзел, КТРК өлкөнүн башкы каналы болгондуктан, региондогу бардык жашоочулар сапаттуу, так маалыматтарды алышына шарт түзүшүбүз керек.

Бүгүнкүдөй саясатташкан, күнүмдүк көйгөлөр адамдын акыл-эсин чарчатып турган кымгуут заманда көрөрмандын табитин таап, жан дүйнөсүнө азык берип, эс алууга багыттап, жакшылыкка үндөп келаткан Кыргыз телевидениесинин келечеги алдыда жана кесипкөй журналисттердин деңгээлин көтөрүү мезгил талабы деп эсептейм.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: