Menu

Айбек Дайырбеков, Кинематографисттер союзунун төрагасы: “Улуу муун менен иштешүүнү жандантып, эл аралык карым-катнашты бекемдөөгө аракет кылам”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кинематографисттер союзунун курултайы өтүп, жаңы төраганы шайлашты. Аталган союздун төрагалыгына кинорежиссёр Айбек Дайырбеков менен Марат Сарулу талапкерлигин коюшкан. Жыйынтыгында көпчүлүктүн ишенимине ээ болгон Айбек Дайырбеков төрага болуп шайланды. Биз Айбек мырзага кайрылып, мына ушул маселе боюнча учкай кепке тарттык.

—Айбек мырза, аталган союздун төрагалыгына талапкерлигиңди өзүңдүн демилгең менен койдуңбу же башка бирөөлөр түрткү болдубу?

—Менин талапкерлигимди жаш режиссёрлор сунушташты. Марат Сарулуну улуу муундагылар сунуштагандыктан негизги күрөш экөөбүздүн ортобузда болуп калды окшойт.

—Кинематографисттер союзунун 300дөн ашык мүчөсү бар турбайбы. Жыйынга анын жарымы эле катышкан экен. Союздун дагы 150дөй мүчөсүнүн катышпай койгонуна эмне себеп болду?

—Курултайга жалпы катышуучулардын үчтөн бир бөлүгү келсе ошондо кворум болот. Бул мурдатан эле союздун өзүнүн эрежеси экен. Ал жердеги 305 кишинин арасында союздун ардактуу мүчөлөрү бар да. Алар союздун күнүмдүк жашоосуна аралашпайт. Мисалы, алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева да бар. Андан тышкары чет өлкөлүк белгилүү кино ишмерлери дагы бар экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Төрага болсо үч жылда бир шайланат. 305 мүчөнүн тең жарымы кыйла активдүү мүчөлөр десек болот.

—Кыргыз киносуна бул союздун чындыгында канчалык деңгээлде салым кошуп жаткандыгы тууралуу көп деле маалымат жок да…

—Жакында Таалай Кулмендеев кыскача маалыматтарды жарыялады. Ал өзүнүн эле соц баракчасына жарыялагандыктан көпчүлүк жакшы билбей жатат окшойт.

—Төрага катары өзүңдүн пландарың кандай?

—Буюрса пландарым көп. Негизги чоң максаттардын бири – бул улуу муун менен иштешүү. Чынында устаттарыбыз унутулуп баратпайбы. Дагы бир багытым алгачкы дебюттар менен иш алып баруу. Менин өзүмдүн башымдан деле өтпөдүбү. Биринчи тасмамды тартканда алдыда көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин билдим. Жаш режиссёр үчүн алгачкы тасмасын тартуу эбегейсиз зор күчтү талап кылат экен. Дагы бир чоң багытыбыз – Эл аралык карым-катнашты бекемдегенге аракет кылам. Ал жагынан дагы тажрыйбабыз көп болуп калды. Казакстанда 7 сериал тарттым, андан тышкары Тажикстандан дагы тасма тартып келгем. Айтор бул жагынан жакшы эле тажрыйба топтодум. Россиялык, испаниялык продюсерлер менен иштешип жүрөм. Азыр дагы чоң долбоорлорду ишке ашырганы жатабыз. Буюрса жакында ал тууралуу жарыялайбыз. Буга чейин “Карек” фестивалын 3 жылы катары менен өткөрдүк. Быйыл төртүнчү ирет өткөрөбүз. Бул фестивал союздун дагы, департаменттин дагы иш-чарасы катары эсептелет. Мурун деле союздун иштери менен алек болчумун. Эми расмий түрдө төрага катары союздун ишин жакшылап жандантканга аракет кылам. Бул кызматым чыгармачылыгыма тоскоолдук жаратпайт. Себеби бул жерде мен жалгыз иштебейм да. Союздун башкармалыгында мени менен 10 кишиден турган топ бар. Менден тышкары уюштуруучу секретар дагы көп иштерди алып барат.

—Союз моралдык, материалдык жактан алганда эмнеге муктаж?

—Кино тармагы Өкмөттүн жардамына муктаж эмес. Өкмөт барбы-жокпу баары бир тасма тартыла берет. Өкмөт тескерисинче улуу муундагы устаттарыбызга тасма тартуу тууралуу кайрылышы керек. Кыргыз киносу искусство, маданият жаатынан алып караганда Кыргызстанды дүйнөгө жарнама кыла турган чоң инструмент да. Кино токтоп калса Өкмөт кыйналып калышы мүмкүн.

—Союздун башкармалыгында отурушкан жанагы 10 киши айлык алышабы?

—Айлык алышпайт. Менин оюмча алардын айлык албаганы – бул жетишкендик болуп эсептелет. Эгер айлык алышса, анда айлык берип жаткан кишинин сөзүн сүйлөп калат да. Бул башкармалык официалдуу бийликке тараза болуп турган уюм. Булар эч кимге көз каранды болбошу керек. Бул башкармалыкка ишенимге ээ болгон гана адамдар барат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: