Menu

Артур Медетбеков, генерал: “Өтө чоң суммада жазылган айып пулдар элдин кыжырдануусун жаратышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

-Артур мырза,“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирер замат бир күндө эле бир канча миллиондорду чапчыган жол эрежесин бузган фактылар катталыптыр. Өкмөттүн бул долбоору айдоочуларды эреже сактап айдоого аргасыз кылабы же элдин капчыгын кагабы?

– Бишкек шаарында чынында эле машина абдан көп. Кээ бири эрежени сактоого аракет кылса, айрымдары жол эрежесин билип туруп буза беришет. Мына ошол айдоочуларды тартипке салуу максатында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Азырынча бул долбоорду сындап, айып пулдардын өтө көп коюлуп калганын айтып жатабыз. Бирок, эртеби-кечпи ушул механизмди баары бир ишке ашырмакпыз. Анткени, бул долбоор бизге жаңы киргени менен башка мамлекеттерде эбак эле күчүнө кирген. Биз бул долбоор тууралуу ар кайсы шылтоону айтпай эрежени сактап, мыйзамды сыйлоого, жол эрежесин сактоого аракет кылышыбыз керек. Айыптар өтө чоң суммада жазылганы менен аны төлөөдө жеңилдиктер да каралган. Башкача айтканда, кокус жол эрежесин бузуп алсаң айып пулду 15 күндө төлөсөң 50 пайызын гана төлөйсүң. Бир айда же андан ашык убакта төлөсөң 100 пайызын төлөп каласың. Эгер андан да кечиктирсең сот аркылуу машинең токтотулуп калат. Мына ушул нерселер айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлайт. Башкача айтканда, бир жолу айып пул төлөгөн адам экинчи жолу төлөбөөгө аракет кылып, бардык эрежени сактап калат. Бул долбоордун жакшы жагы. Ал эми терс жагы өтө чоң суммада жазылган айып пулдар элдин кыжырдануусун жаратышы мүмкүн.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок,“Коопсуз шаар” долбоорундагы айып пулдар өтө эле көп жазылып, эмне үчүн эл-дин жашоо-шарты эске алынган эмес?

– Менимче, айып пулдар чыны менен өтө көп жазылып калган. Азыр азыраак жазып, бара бара жогорулатышса болмок. Анткени, элдин алган айлыгы менен коопсуз шаар добоорундагы айып пулдарды салыштырып кароого мүмкүн эмес. Ишке киргизип алып, анан кемчилигин айтып, туш тараптан сындабай депутаттар ушул долбоор ишке кире электе эле бардык деталын карап, талдап чыгышса болмок. Бирок, бул долбоордун атына заты жарашпайт. Айтайын дегеним, “Коопсуз шаар” дебей эле бул долбоорду “коопсуз жол” деп атасак туура болмок. Коопсуз шаар болуш үчүн камераларды супермаркеттерден баштап, парктарга чейин орнотушубуз керек болчу. Ошондо коопсуз шаар болуп, камералардын жардамы менен бир топ кылмыштын бети ачылмак.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: