Өкмөт өлкөдөгү экономикалык кризистен улам кылмыштын өсүп кетишине жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта ЖКдагы Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
“Элде эртең акча жок болот. Статистика боюнча, Россия менен Америкада таажывирус табылганда, курал-жарактар, ок-дарылар ж.б. көп сатылыптыр. Эмне үчүн? Алар аңчылыкка даярданган жок да, өзүн коргош үчүн даярданып жатат. Бүт дүйнө боюнча оор күндөр келе жатат. Ачарчылык, кыйынчылык, тартышсыздык болсо, кылмыштуулук күчөп, элдин баары көчөгө чыгып, дүкөндөрдү тонойт. Биз бүт жагына даяр болушубуз керек. Өкмөт ушунун үстүнөн иштеши керек” – деди Алтынбек Сулайманов.
Булак: “KyrgyzToday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ