Menu

Өзбекстандык аялдар уурулук үчүн кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары өзбекстандык беш аял “Маданият” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, уурулук боюнча шектүү катары кармалгандардын баары Өзбекстандын жарандары.

Кашка-Дарыя облусунун Карши шаарынын тургуну, 42 жаштагы Диана Жалал-Абад шаарына кийим сатып алыш үчүн келгенин айтып, зер буюмдарга азгырылганын моюнга алды:

 Туугандарымдын бири «Кыргызстанда кийимдер арзан» дегенин угуп, чек ара аркылуу ушул жакка өткөнбүз. Чындыгында Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Эже-сиңдилер менен базар кыдырып, зер буюмдарын саткан дүкөнгө кирдик. Үч кутучадагы тагынчактарды «жөнөкөй болсо керек» деп жашырып алганым чын. Аны жанымдагы аялдар билген эмес. Сыртка чыгып карасам кутучада моюнга тага турган алтын чынжырчалар экен. Чек арага жакындап калганда жанымдагы эки аялдан аларды алып өтүп берүүнү суранганмын. Ошентип бизди чек арадан кармап калышты. Уурулукту мен өзүм гана кылгам.

Кармалгандардын дагы бири, 57 жаштагы Азиза (аты-жөнү өзгөртүлдү – ред.) – Кашка-Дарыянын Яккабаг районунун тургуну. Пенсия жашындагы педагог эмне себептен кармалганын түшүнбөй турат. Ал Кыргызстанга ден соолугуна байланыштуу келгенин айтты:

 Мен Кыргызстанга бул максатта келген эмесмин. Үч балам, беш неберем бар. Акча, зер буюмдар – баары бар, менде. Туугандарымдын сунушу боюнча Жалал-Абадга ден соолугума байланыштуу аба алмаштырып, жер көрүү максатында келгенбиз. «Уурулук кылды» деген Диана аттуу аялды тааныбайм. Болгону ал менин туугандарымдын тааныштары экен. Дианадан: «Эмнеге мындай ишке бардың?» деп сурасак: «Уурулукту мен кылдым, силердин күнөөңөр жок» деп жатат. Өзбекстанда балдарым менин бул жакта камалганымдан кабары жок, алар укса мен эмне болом? Конок катары келип, уурулук менен кармалып жатам

Жалал-Абад шаардык милициясынын криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Өмүрзаков буларга токтолду:

– Шаардык ички иштер бөлүмүнө сатуучу жана калаа тургуну Шерзад Камбаров арыз менен кайрылган. Алардын дүкөнүнөн өзбек улутундагы беш аял 350 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Дүкөндүн байкоочу камераларына уурулукка шектүү аялдар тартылып калган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү аялдар чек арадан өтүп бараткан учурда кармалып, Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен сөз болуп жаткан аялдардын баары эки айга камакка алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: