Menu

Улуу Британияда 17 жаштагы өспүрүм өз энесин муунтуп, 118 жолу бычак сайган

Бөлүшүү:

Улуу Британияда 17 жаштагы өспүрүм өз энесин муунтуп, 118 жолу бычак сайган. Андан кийин, ал өзгөчө кырдаалдар кызматына чалып, денени салуу үчүн баштык алып келүүсүн суранган. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда орус маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өспүрүм апасын муунтуп, андан кийин анын эс-учун жоготконуна көзү жеткенде, башына 38, моюнуна 64, колуна 16 жолу бычак сайган. Андан кийин, полиция кызматкерлеринин айтымында, ал 999 номерине чалып, жайбаракат, токтоо үн менен сүйлөгөн. “Мен жөн эле апамды өлтүрүп салдым. Аны муунтуп өлтүрүп, ар кандай бычактар ​​менен жана башка бир нерсе менен сайдым” – деп айткан.

Бул окуя ушул жылдын июль айында болгон, бирок сот отуруму кечээ, 14-декабрда өттү. Сот отуруму октябрь айында өтүшү керек болчу, бирок белгиленген күндөн бир нече күн мурун, өспүрүмдүн жансыз денеси психиатриялык оорукананын бөлүмүндө табылган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, бала жынысын жана атын Бенден Роуанд деп өзгөрткөн. Андан кийин ал депрессияга кабылып, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: