Menu

Акыркы үмүт президентте калды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөбүздөгү коррупцияга каршы күрөшүн калайыктын басымдуу бөлүгү кызуу колдоп кубаттап жатышат. Анткени мамлекетте мыйзам иштемейин алга өнүгүүнү элестетүү кыйын. Бирок тилекке каршы жер-жерлердеги айрым бир аткаминер чиновниктер “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип” билген намазын окушуп, мамлекет башчысынын алган багытына каршы иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканы абдан өкүнүчтүү. Муну алыскы Баткен дубанынын Кадамжай районунан келген төмөндөгү кат толугу менен ырастайт.

Мен Шеронова Бүсара 1965-жылы туулгам. Азыр Кадамжай районунун Көк-Талаа кыштагынын Зулпукар Кааров атындагы көчөсүндөгү № 13 үйдө үй-бүлөм менен жашап келе жатам. Биз ата-энем менен Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын Элпесеки участкасында төрт эжем менен жашап келгенбиз. Мен Араб Култаевге турмушка чыгып ушул Көк-Талаада күн кечирип келе жатабыз. Атабыздын уулу жок болгондуктан эжем Эшбаева Бүмайранын 1983-жылы туулган уулу Бакытбекти өздөрүнө алышкан эле. Жездем Эшбаев Махаматураим райондук финансы бөлүмүндө ревизор, бухгалтер болуп иштечү. Ата-энем өз убагында окушпаган сабатсыз адамдар эле. Атам Шеренов Асан 1914-жылы туулган, мурда эле каза болгон. Апам Шеренова Лайли 2011-жылдын 22-августунда ооруп жүрүп 84 жашында ааламдан өттү. 2001-жылдан тартып апамды турмушунан ажырап келип жалгыз кызы менен калган эжем Аширбүбү карап келди. Короодогу бардык жумуштарды аткарып, жер салыгынан бери төлөп энемди бөпөлөп бакты. Бакытбекти үйлөгөндө да, окутканда да атасы жалпы беш бодо малды саттырып акчасын апамдан алган. Кызыктын баары энем кайтыш болгондон кийин башталды.

Көрсө акыл-эстүү жездем амалкөйлүк кылып ооруп жаткан апамдын колун жасатып алып үйдү жери менен жети жаштагы уулу Бакытбекке 1990-жылдын 7-мартында Фрунзе райондук мамлекеттик нотариусу тарабынан 220-сандуу керээз документи менен өткөрүп коюптур. Апам өзүн билбей кыйналып жүргөн кезде жездем баарын сүйлөшүп тууралап баласына өткөрүүгө үлгүргөн экен. Байкуш апам турак-жайды короосу менен турмушунан ажырап келип кыйналып жүргөн кызы Аширбүбүгө калтырам деп жүргөн. Муну бардык кошуна-колоңдор, туугандар тастыкташат. Ага болбой эле жездем Көтөрмө айыл округунун башчысы Махмуд Токторов менен сүйлөшүп алып 2011-жылдын 19-сентябрында № 106 токтомду чыгарып мыйзамсыз түрдө апамдын 11 сотке жерин 24 сотке кылып өзгөртүп, менчикке берилсин деп токтом кылган. Иш кагаздарын даярдоо Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана архитектура башкармасынан суралган.

Буга дейре мен 2010-жылы апамды ээрчитип мамлекеттик каттоо кызматына жана мамлекеттик нотариуска барганымда документтердин баары апамдын атында эле. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы, маркум Д. Сыдыковдун сунушу менен 2010-жылы апама жаңы паспорт алганбыз. Ал эми кийинки жылы апрель айында мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Талант аттуу бала келип жерди ченегенде 24 сотке чыккан. Ал кызматкер Көтөрмө айыл өкмөтүнө барып токтом чыгартып келсеңиз техпаспорт жасап берем деп убада кылган. Мен айыл өкмөттүн башчысы Махмуд Токторовго барып токтом чыгарып берүүсүн сурансам “Сага токтом бербейм, сенден башка адамдар бар” деп мени акаараттап кууп чыкты. Анан үйгө келип баарын айтып бечара апамдын сөздөрүн видеокамерага тартып алдык. Кийин апамдын кан басымы көтөрүлүп 2011-жылдын август айында дүйнөдөн кайтты. Анын акыркы сапарга узатуу чыгымдарын Аширбүбү эжем экөөбүз көтөргөнбүз. Апам өткөндөн бир ай соң Бакыт Эшбаев жер адиси А. Манасов менен А. Нурмаматовду ээрчитип келип жерди кайрадан өлчөшмөк болушат. Мен ошондо өлчөткөнүм жок. Адвокат жалдап териштире баштадым. Көрсө айыл өкмөтү жерибизди жогоруда айтылгандай 24 сотке кылып ал эми апамдын атын Лайли эмес Лали деп өзгөртүп коюптур.

Ал эми кылмыштын баары 1990-жылдын 7-майында түзүлгөн керээз документинен башталат. Аны жездем чуркап жүрүп бүтүрүп салган экен. Биз кабардар эмес элек. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу сот экспертизасынын мамлекеттик борборунун Ош региондук филиалына кайрылганыбызда апамдын колу жасалма экенин тастыктап беришкен.

Кыскасы, биздин киндик каныбыз тамган там Аширбүбү эжем менен андан улуу эжем Бүмайранын уулу Бакытбектин ортосунда талашка түшүп чырыбыз бүтпөй келет. Тууган-уруктар, кошуналар жалгыз кызы менен короону карап калган Аширбүбү эжемдин кызыкчылыгын колдошот. 2014-жылдын 7-апрелиндеги жана 2015-жылдын 10-мартындагы Кадамжай райондук сотунун, 2014-жылдын 18-июнундагы Баткен областтык сотунун, 2016-жылдын 26-сентябрындагы Ош областтык жарандар сотунун токтомдору Аширбүбү Шеренованын пайдасына чыгарылган. Бирок алар да арызданышып Кадамжай райондук сотунун судьясы Тажибаев тигилердин пайдасына тартып коет.

Азыркы учурда алар эжемди басмырлашып мал-мүлкүн тартып алышып үйдөн чык деп жатышат. Эски үйүбүз 1961-жылы, жаңысы 2006-жылы салынган. Анын бара турган жери жок. Бир кызы бар. Биз Кадамжай райондук прокуратурасына 2019-жылдын 11-февралында, Баткен областтык прокуратурасына 2019-жылдын 12-мартында кайрылдык. Бирок негедир жооп жок. Мындай өзүм билем өкмөт башчыларына жергиликтүү бийликтен орун болбошу керек эле. Прокуратура органдары неге калыс болбой, карапайым адамдардын, жалгыз бой эненин пикирин укпай жатканы түшүнүксүз. Өкмөт башчы М. Токторовдун жер сатып жүргөнүн көптөн бери угуп келе жатабыз. Эмне аларды тыйып коюуга мамлекеттин күчү жетпейби?! Арга түгөнгөндө газета аркалуу президентке кулак кагыш кылууга туура келди.

Бүсара Шеронова, Кадамжай району, Көк-Талаа айылы, 3. Кааров көчөсү 13-үй.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: