Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 9 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 5 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам,
– Ош облусунан – 2 адам,
– Ош шаарынан – 1 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ