Menu

Кыргызстанды кытай каптады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик миграция кызматы сырттан келген эмигранттарды иретке салуу жана чектөөлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Кыргызстан жылына 13 миңге чукул чет элдик жаранга өлкө ичиндеги иштөөгө квота берсе, анын 85 пайызын кытай жарандары колдонууда. Миграция кызматы өткөн жылы 9,5 миң кытай жараны Кыргызстанда иштөөгө уруксат алганын маалымдайт. Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстандагы кытайлардын саны 300-500 миңге жетээри айтылып келет. Миграция кызматы өткөн жылы Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу 350, ушул эле багыттагы Токмоктогу заводго 167, Чүйдөгү “Алтынкен” ишканасы 250, жол салган кытайлык “Чайна роуд” компаниясы 318 кытай жаранын жумушка тартканын билдирди. Натыйжада Кытайдан агылып келгендерден кооптонгон өкмөт квоталарды топ-топко бөлүп жатат. Натыйжада бир мекемеде чет элдик жөнөкөй жумушчулар 10 пайыздан, ал эми жетекчи жана өзгөчө кызматтагылары 20 пайыздан ашпоосу шарт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: