Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Казакстан элинин атынан жана өз атымдан Сизди жана Кыргызстан элин ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм!
Ыйык Курман айт майрамы молчулукту жана кайрымдуулукту алып келет, бүткүл адамзатты улуу дөөлөттөргө чакырат.
Ыйык майрам Казакстан жана Кыргызстан элдеринин достугунун жана кызматташтыгынын уланышына ар дайым өбөлгө болсун», — деп айтылат Н.Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.
Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык жана жыргалчылык, ислам коомдоштугуна бакубатчылык жана биримдик каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ