Menu

Кошоматчылардын жүзү курусун

Бөлүшүү:

Минтип айтканыбыздын жөнү бар. Кечээ күнү эле Икрамжан Илмияновдун артынан калбай ээрчип жүргөндөр эми актана баштаганын көрүп, угуп ээгибиз тизеге тийди. Ошол эле жактык “жигаримин” деп ээликкендер бүгүн болсо тескери ушатып, жегич Икрамдын түбүнө жетпесек болбойт деп желпине баштаганына карап айла жоктон баш чайкайсың. Болгондо да
шайлоо убагында акелеп жүрүп, акчасын эсебине котортуп алган эпчилдердин жоругу жолдо калсын деп кейип кетесиң. Ак турпактын күрүчүнөн аш демдетип жагалданып жүргөндөр Илмияновдун “жегичтигине” эми ынандыңарбы? Эмне үчүн ошонун каражатын алаканыңарга салып жүргөндө сенин акчаң арам деп жарга такаган жоксуңар? Кулматовдун деле жылуулугу тийгендер жүрөт бүгүн кемшеңдеп башка нуктагы кебин айтып.

Кандай болгон күндө да эки жүздүүлүк дегендин “тукуму” таракандай жерге батпай жайнап кетти. Эртең азыркы “серый кардиналдардын” доору бүткөндө азыр уйгактай болуп оокатын жасап жүргөндөр башка бирөөнүн огоротун сугара башташаары деле турган иш. Ошондуктан кошоматчылыкты куп өздөштүргөндөрдөн сактануу зарылдыгы келип чыкты.
Ошолордун башында Иса Өмүркуловго, Бакыт Төрөбаевге, Анвар Артыковго, Канат Исаевге, Сайдулла Нышановго, Алманбет Шыкмаматовго, Акылбек Жапаровго окшогондор турушат десек коомчулук кыңк этпестир? Ал эми жазмакерлердин ичиндеги “ириңди” жарганда укмуштуудай “чупакабралар” ийрелеңдеп, кыйралаңдап чыгаарында шек жок. Компроматтардын агылып жатышынан муну ачык байкоого болот. Не деген күндө да буга окшогон буйтатмалардан
кутулушубузга чыйыр салына элек. Каңырсып кеткен маалыматтар жаздын илеби менен урдурулганда каңылжаарды жарган жыт-жыбырлар чыгып, айлана-тегерек “кереметке” чулганат го?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: