Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда абанын булганышы нормасынан дээрлик алты эсеге ашып кетти. Мындай маалыматты «МувГрин» жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот. Ага ылайык, Бишкектин алты жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды «Эйрказ.орг» сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга болот.
Чыгыш-5 кичирайонунда учурдагы көрсөткүч – 136 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 36). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 5,44 эсеге жогору.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ