Menu

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновду каралоо кампаниясына байланыштуу “Адилеттүүлүк үчүн” комитетинин билдирүүсү

Бөлүшүү:
Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу, адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады.
Биз бул каралоолор анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир Кыргыз жараны, өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта, адвокат катары, Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу.
Башка көз караштагы эгемендүү жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир дагы бийликке кадыр барк, стратегиялык ишеним алып келбейт. Бул – бийликтин күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын жана акылсыздыгын көрсөтөт.
Өлкө жетекчилигинен, УКМК төрагасынан Кыргызстандагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири жана адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтотууга жана мындай каралоолорду уюштургандарга чара көрүүнү талап кылабыз.
Бардык ар-намысы, туруктуу позициясы бар жарандарды, журналисттерди жана саясатчыларды, ушул сыяктуу ыплас көрүнүштөргө каршы турууга чакырабыз.
“Адилеттүүлүк үчүн” комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: