Menu

КТРКнын гендиректорлук кызматына талапкер Болот Тиллабаев КТРКны кантип оңдоп, жолго саларын айтат

Бөлүшүү:

Тиллебаев Болотбек Кочкорович телекоммуникация жана радио уктуруу тармагынын менеджери адистигин аркалаган маектешибиз КТРКда 26 жыл талыкпай эмгектенген мыкты адистердин бири. Телевидение тармагында телережиссура менен техниканы бирдей өздөштүрүп жана КТРКнын координациялык борборунун менеджери болуп иштеп жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп келген Болотбек Тиллебаевге чү дегенде ыңгайсыз суроо узатууну эп көрдүк.

— Байкап көрсөк, сиздин эмгек сапарыңыз КТРКнын өзүндө эле 26 жыл экен. Айтыңызчы эмне үчүн КТРК дайыма “кара жашик” деп аталат? Албетте буга улай канткенде КТРК оңолот?

— КТРКны “кара жашик” деп ага таарынгандар эле аташат. Жалпы калайык калк күндө КТРКдан маанилүү жаңылыктарды жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү күтүп көрүшөт. Албетте КТРК “Титаник” кемеси сыяктуу биздин мамлекеттеги эң чоң жана күчтүү маалымат борбору болуп эсептелет. Бүгүнкү мезгилде эле КТРКнын курамында 6 теле, 5 радио каналдар бар. Албетте алардын баары ойдогудай иш алып баралбаса да, бүгүн анын ушундай багыттары аныкталып, журналисттер иштеп жатышат. Ооба, кээде КТРКны “бийликтин камчысы”, “бийликтин сөзү” деп айыпташат. Бирок ойлогулачы, КТРК чет элдик бийликтин куралы болгон жок да. Ал сүйлөсө Кыргыз мамлекетин башкарган, Кыргыз эли ишенген бийликтин сөзүн сүйлөгөндүр. Ошол бийликти бүт Кыргызстандын эли, эл ишенген Жогорку Кеңеш шайласа кантип КТРК мындай чечимге каршы болсун. Элдин эрки, элдин укугу, элдин үнү коомдук биринчи канал үчүн башкы мыйзам катары белгиленген. Эл муну деле жакшы түшүнөт. Ошентсе да, КТРКнын редакциялык саясатында олуттуу кемчилдиктер жок эмес.

Менин оюмча, КТРК так сүйлөп, таза иштөөчү мезгил эми келди. Эмнеге? АНТКЕНИ ТЕЛЕВИДЕНИЕ КООМЧУЛУКТУН КҮЗГҮСҮ. Эл андан дайыма чындыкты жана адилеттүүлүктү көргүсү келет. Ал эми бийлик дайыма адилеттүү жана чынчыл деп айта алабызбы? Албетте жок. Маселен, буга чейинки бийликтин мезгилинде эл бийликке кандай ишенсе КТРК жамааты деле ошондой ишенип, ошол доордун мыйзамдары менен жашап, иштеп келди. Ал эми бүгүнкү бийликтин доорунда өткөн бийликтин олуттуу кемчилдиктеринин бети ачылды. Демек, КТРК бир эле мезгилде коомдун жана бийликтин да ишенген күзгүсү. Болгону бийлик кызмат абалын ашыра колдонуп, маалымат булактарын билгизбей өздөрүнүн туңгуюк максаттарына коштоп колдонсо, анда аргасыз күзгү да кыйшык же айрым адамдардын тили менен айтканда, ал “кара жашик” атала баштайт.

Ал эми бүгүн КТРК болуп көрбөгөндөй айкындуулук багытын колго алды. Анткени, бүгүнкү бийлик, бүгүнкү президент биринчи кезекте элдин кызыкчылыгын алдыга коюп, негизги таянычтарын айкындуулукка жана адилеттүүлүккө коштоп бара жатат. Мурдагы бийлик өз оюн элге таңууласа, азыркы бийлик элди ынандырууга жана ойготууга аракет кылууда. Демек, кайсы бийликтин, тагыраак айтканда ошол мезгилдин президенти кандай саясат жүргүзсө, КТРК так ошондой иштейт. Ушундан улам эми КТРКнын туура сүйлөп, таза иштөөчү мезгили келди деп ишенем.

Ал эми КТРК канткенде оңолот? Менин оюмча, КТРК оң эле абалда баратат. Бүгүн биздин өлкөдө улуттук идеологиянын уңгулары айкындалып, багыты так болбогондуктан, кээде мамлекеттик кызыкчылык деген талап ашыкча коюулуп, идеология ар кандай өңүттө жүрүп кетүүдө. Эгерде улуттук идеологияны жүргүзүүнүн багыттары айкын болуп, бийлик менен элдин ортосундагы мамиледе адилеттүүлүктүн принциптери так иштесе, КТРК кыргыз мамлекети үчүн эбегейсиз чоң байлык. Азыр интернет айдыңы канчалык күч алса да, элге газеталардын, телевидениенин жана радиолордун ролу өзүнчө чоң мааниге ээ.

— Бүгүн телевидение менен интернет айдыңынын кызматташтыгын кандайча элестетесиз?

— Интернет канчалык өсүп өнсө да, телерадионун, газетанын ролун төмөндөткөн жок. Интернет көп убакта кыска маалыматтардын булактары катары тез таралуучу күчтөргө ээ. Ал эми телевидение, радио, газеталар ошол эле маалыматтарды аналитикалык мүнөздөрдө, өз толкундарында жана интернет жыштыгы менен жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Демек, бири экинчисин толуктап, жыйынтыгында адам үчүн маалымат айдыңында ыңгайлуу шарттар жаралды. Болгону журналистикадагы жогорку кесипкөйлүк жана маалымат кызматынын жогорку менеджментинин шарттарында иш уюштуруу талабы турат.

— КТРКда кайсыл багыттардагы көрсөтүүлөрдү күчөтүү керек деп ойлойсуз?

— Менин оюмча, кыргыз тарыхы жана дүйнөлүк тарыхты так билүү максатындагы көрсөтүүлөрдү көбөйтүү зарыл. Айрыкча кыргыз таануу багытында. Мындан сырткары ден соолук, үй-бүлөдөгү моралдык абал, коом жана укук, демография маселеси жөнүндөгү темаларды күчөтүү керек.

— КТРКнын маалымат таратуу программасы “Ала-Тоо 24түн” иш тажырыйбасы сизге жагабы?

— Негизинен бул программалар Россиялык телеканалдардын үлгүсүндө бараткандыгы талашсыз. Менин оюмча дежур эксперттердин оюн адилет пикир кылууну токтотуу керек. Илгери КТРК жалаң “дежур чалдарды” көрсөтчү. Азыр эми алар жашарып “дежур эксперттер” деп аталып калгандыгы кээде элдин кыжырын келтирет. Акыркы убакта маалымат таратуунун эң мыкты үлгүсүн 5-канал жарата баштады десек жаңылыштык болбойт. Официалдуу маалыматтарды берүүнүн ийкемдүү жаңы ыкмалары 5-каналда ачык эле байкала баштады. Демек, биздин кичинекей өлкөдө маалымат таратуунун атаандаштыгы күч алып, эл, коомчулук анын мыкты жактарын тез эле байкап жатат деп ойлойм. Маалымат программаларынын негизги милдети чынчыл жана адилеттүү көз караштарды кармануу менен элдин эсинде калып туруусу керек.

— Өткөн жылы Жогорку Кеңеште КТРКны толугу менен жеке менчикке берүүнүн зарылдыгы айтылган. Сиз буга кандай карайсыз?

— Бул таптакыр туура эмес. Бул массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү кесипкөйлүктү түшүнбөгөн жана мамлекеттик кызыкчылыкты ойлобогон адамдын пикири. Мен ушуга чейин Кытайдын “СиСиТВ”, Туркиянын “ТРТ”, Монголиянын “МНБ” жана Англиянын мамлекеттик телеканалдарында атайын даярдыктардан өтүп келдим. Мындан сырткары Грузиянын коомдук телеканалы, Казакстандын “Хабар” жана Россиянын “ОРТ” телеканалдары менен тыгыз кызматташтыктарда иштедим. Бул өлкөлөрдүн баардыгында телеканалдар мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алып, мамлекеттик талаптардын багытында иш жүргүзүшөт. Эгерде мамлекеттин идеологиялык оперативдүү машинасы жок болсо, ал эмне деген мамлекет болуп калат? Ар бир эгемен мамлекеттин чек арасы кандай ыйык болсо, анын мамлекеттик саясаты да ошончолук маанилүү болууга тийиш.

— Маектин соңунда жеке турмушуңузга токтоло кетели. 26 жыл телевидение тармагында иштепсиз, кандай кызматтарды аркаладыңыз?

— Мен телевидениенин баардык тармагында иштедим. Бир нече жыл оператор, монтажёр, режиссёр, алып баруучу болдум. Андан кийин телевизиондук студиянын продюссери, башкы редактор, телепрограммалар дирекциясынын директору болуп бир канча жыл иштедим. Телевизиондук студия жана программалар дирекциясы — ​КТРКнын телевизиондук өндүрүшүнүн иш алып баруучу борбору болуп саналат. Дал ушул эки өндүрүш телевидениенин кыймылын, ой-максатын, мазмунун аныктап, аны элге жеткирип туруу милдетин аркалайт. Телевидениенин редакциялык саясаты дал ушул жерде талкууланат жана эфирге сунушталат. Мен бул жоопкерчиликте иштеп тарбияландым. Мындан сырткары дүйнөлүк жана шериктеш өлкөлөрдүн телеканалдарындагы өзгөчөлүктөрүн таанып, тажырыйба алмашууларда болдум. 20 жашымда телевидениеге келсем, бүгүнкү күнгө чейин эмгек кылдым. Менин оюмча КТРК канчалаган сын-пикирлерге дуушар болду. КТРКны мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, академиктер, “Азаттыктын” бир нече журналисттери жана түрдүү багыттагы чиновниктер жетектеди. Анын ысымы бир нече ирет алмашты. Бирок ошондо да КТРК дале элдин сын-пикиринен арыла элек. Көрсө ал мезгилдин агымы менен коштолуп, улам кетирилген жаңылыштыктарды оңдоо менен чоң турмуштук тажырыйбага ээ болгон күчтүү идеологиялык машина катары кала берет экен. Ал эми мындан ары деле элдин гүлдөп жашоосуна кызмат кылган эң күчтүү маалымат куралы бойдон калаарына ишеним чоң. Анын келечеги жана тагдыры бийликтин, элдин адилет колдоосуна муктаж. Эл менен бийликтин КТРКга болгон камкордугу жана колдоосу анын таза жана адилет иштөөсүнө болгон шарт катары таанылат. Ал эми КТРКны дагы кантип өркүндөтүү керектиги менин байкоочу кеңеште айта турган атайын программамда кеңири баяндалмакчы.

Маектешкен Н.Асанбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: