Menu

Видео – Беларусь президенти Александр Лукашенко КР президенти Сооронбай Жээнбековду мактап, кыргыздарды анын айланасына биригүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-февралда Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушуу учурунда Лукашенко Кыргызстан менен Беларустун мамилелериндеги жакшы жылыштарды белгиледи. Бул тууралу БелТА маалымат агенттиги билдирет.

“Силер дайыма бизге ишенсеңер болот – Беларусь силерге дайыма ортоктош гана эмес, дос катары кала берет. Ушундай эле саясатты бизге карата кыргыз жетекчилиги да карманат деп мен ишенемин. Бир кезде биздин эки эл бир өлкөнүн составында болгонбуз, жана Беларуста кыргыз элин дайыма урмат жана түшүнүү менен кабыл алат. Ошондой эле белорус жана кыргыз элдери тынчтыкты сүйгөндүгү жана эмгекчилдиги менен да бири-бирине окшошуп кетет. Биздин өкмөт жана мен силердин ар бир ар бир суранычыңарды, сунуштарыңарды жана эскертүүлөрүңөрдү токтооосуз карап, жообун берип турабыз”, – деди Александр Лукашенко.

“Менин досума, Кыргызстандын президентине менден салам айтып коюңуз. Ал өтө салабаттуу киши. Кудай керектүү учурда, керектүү жерде, оор мезгилдерде өз элине өтө керектүү адамды жөнөтөт. Эгер силер ушул адамдын айланасына бириксеңер силер көп нерсеге жетишесиңер деп мен үмүттөнөм жана ишенем”, – деп аяктады өз сөзүн Беларустун президенти Александр Лукашенко кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоп.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: