Menu

ТИМ: Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев менен Пакистан парламентинин вице-спикери Салиим Мандвивалла жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Сенатынын Төрагасынын орун басары Салиим Мандвивалла менен жолугушуусу өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын өнүктүрүү, иш сапарлары менен алмашуу жана “Пакистан-Кыргызстан” парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев Кыргыз-Пакистан мамилелерин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ программасын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: