Оштогу Папан айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылында катталган селдин чыгымы учурда такталып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
18-апрель күнү саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандан улам айылдагы 8 үй жабыркаган. Алты үйдүн короосун суу басып, эки үйдүн жер төлөөсүнө да суу кирген. Адистер кырсык айылдагы селкананын жоктугунан келип чыкканын айтышат. Эми мындан ары кырсыктын алдын алуу үчүн селканага туш болгон 3 турак-жай башка жака көчүрүлүп селкана курулуп баштайт. Учурда ӨКМдин техникалары менен жолдорду тегиздөө,таштардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Сел каптаган аймактан жана жергиликтүү тургундар менен жолугууга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Т. Н. Сарыбашов барып кабар алды. Эл менен жолугушуп алардын көйгөйлөрүн угуп селкана тушунда жайгашкан үйлөргө башка жактан жер ажыратып берүү, аларды көчүрүүнү тездетүү, сел кесепетинен калк коопсуздугун сактоону жергиликтүү бийликке жана ӨКМ кызматкерлерине тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ