Menu

Стресстен алкоголсуз жана дары-дармексиз кантип арылууга болот?

Бөлүшүү:

Азыр телегейи тегиз адамды табуу кыйын. Деги эле жашоодо телегейи тегиз адам жок. Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө кечээрге суу таппай деле убайым тарта беришет эмеспи. Ар ким өз көйгөйү менен жүргөндүктөн борбордун көчөлөрүнөн, коомдук жайлардан, коомдук транспорттордон күлүп-жайнаган, бири-бирине сылык-сыпаа мамиле кылган адамдарды аз кезиктиресиң. Андан көрө бири-бирине жол бергиси келбеген тытынган айдоочуларды, маршруттук таксилерде орун талашкан аялдарды, сөгүшкөн кыздарды, урушкан балдарды тез-тез көрүп турууга болот. Бул анчейин байкалбаган маселе болгону менен чын-чынына келгенде трагедия. Кары-жаш дебей депрессияда. Жашоонун кымбаттыгына шылтоо кылып эле ачуусун ар кимден чыгара бергенге болобу? Балким ар ким өз ичинен жан дүйнө тынчтыгын пайда кылса мынчалык агрессия азаят беле? Стресстен кантип арылууга болот? Азыноолак маалымат беребиз…

1. Башыңызды жаман ойлордон арылтыңыз!

Биз адатта кечээ күнкү болгон жагымсыз окуяны бүгүн да тынбай ойлонуп, башыбызга жаман ойлорду кайра-кайра топтой берет экенбиз. Ар бир бушайман кылган нерселерге эбегейсиз нервдерибиз коройт. А нервдер кайра калыбына эч качан келбейт экен. Ошондуктан болбогон майда-барат нерселерге санаа тартып, жапаа чекпей жан дүйнөнүн тынчтыгын камсыздаганыбыз туура экен. Стресске кабылбайын десеңиз наалыганды токтотуңуз. Наалыма адамдар стресстен арылмак тургай анын терең түбүнө түшүшөт. Өзү эле стресс боло бербей айланасындагылардын да психикасына доо кетирип, жан дүйнөсүн кирдетишет. Адамга аябай аз жашоо берилгендигин болгондо да кайра жаралбайт экенин ар бир инсан өз ичинде ойлоно жүрүүсү шарт. Маселен эртең менен таңды көргөнүнө шүгүрчүлүк кылып, кетирген кемчиликтери болсо аны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгын унутпашы керек. Эртеңдер түгөнбөчүдөй сезилгени менен бир күнү эртеңдин да токтоор күнү келет. Ошондуктан өтүп кеткен кезге наалып, эртеңки боло турган жакшы ишти кыялданбай бүгүнкү күн менен жашаган туура дешет психологдор. Себеби дүйнөдөгү көп адамдар эртеңки болчу ишти кыялданып же өтүп кеткен ишке кейип жүрүп бүгүнкү жашап жаткан күнүн унутуп калышат экен.

2. Жан дүйнөгө тынчтык тартуулаңыз

Мээни деле жалаң жаман ойлор менен толтура берүү чарчоого, алсызданууга алып келет. Ал үчүн эс алдыруунун эң жакшы жолу медитация кылуу. Колдон келсе эс алуу күндөрү тоо тарапка чыгып, шар аккан суунун жанында эч нерсе ойлонбой жөн гана эс алып отуруу да жакшы пайдасын берет. Табиятттын энергиясы адамды жаман ойлордон арылтып шайма-шай жашоого себепчи болот. Майда-барат нерселер үчүн өтө эле ачуулануунун кажети жок. Анча-мынча нерселерге кайдыргер эле мамиле кылып коюуга болот. Күйпөлөктөгөн адамдар адатта ылдам карып кетишет экен.

3. Спорт менен машыгыңыз

Спорт ден-соолукту чыңдайт экени буга чейин бардык эле жерде айтылып келгени белгилүү. Биргана ден-соолукту чындап эле тим болбостон ал стресстен арылтат. Таң эрте чуркоо дем алуу системаларын ачып, ичтеги букту, санааны, ойлорду да тазалайт. Физикалык жүктөн адамдын организми тазаланат жана жаман ойлордон арылат.

4. Контрасттык душ кабыл алыңыз

Суу жаман энергиялардын баарын жууп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андыктан иштен чарчап барганда сөзсүз душ кабыл алуу кажет. Болгондо да чайканаарда муздак жана ысык сууга алмак-салмак 15-20 мүнөт туруу кажет. Мындай контрасттык душ адамдын иммунитетин да чыңдап, стресстен арылууга да жардам берет. Сууда сүзүү да адамдын сергек жашоосун камсыздайт. Жумасына болбосо да айына 2 жолу бассейндерге барып туруу керек экен. Андыктан суу менен жакын дос болгонуңуз оң.

5. Музыка угуңуз

Жагымдуу музыка жан дүйнөнү эс алдырат. Кандай гана музыка болбосун адамдын дени боюн бошотуп, мээсин эс алдырат. Бирок музыканы угат десе табитиңизге туура келбеген чарчатма музыкаларды уга бербей, тескерисинче алардын оолак болуңуз. Көбүнчө классикалык музыка адамдын ой жүгүртүүсүн да жакшыртып, жан дүйнөсүн да ылдам тазалайт дешет адистер. Андыктан музыканы да тандап укканга үйрөнүңүз.

6. Таза абада көп эс алыңыз

Иш, турмуш, акча, жашоо деп жүрүп адамдар эс алып сейилдөөгө убакыт таппай калышат экен. Баарына жеткен убакыттан жеке өзүңүз үчун деле азыраак уурдап, жөн гана таза абада сейилдөөнү үйрөнүңүз. Жашоону сүйүп, бактылуу болгонго көнүңүз. Бардык нерсенин жакшы жагын гана көргөнгө аракет кылыңыз. Арам ойлор адамдын мүнөзүн да бузуп, ийгиликсиздикке алып келет. Башка бирөөнүн ийгилине кубана билгенди адатка айландырыңыз… Мына ушунун баарын эс алып сейилдеп жүргөндө ойлонуңуз, чечим чыгарыңыз, өзгөрүңүз.

7. Иштен кайтып баратып эс алганды үйрқнүңүз

Психологдордун айтымында иштен үйгө чейинки аралыкта деле адам эс алууга жетишет. Көп адамдар иштен үйүнө баргыча иште болгон окуяларды элестетип атып мээси ого бетер чарчап, керек болсо түшүнө да кирет экен. Негизи эле иште болгон окуяны ишке, көчөдө болгон окуяны көчөгө, кайсы окуя кайда болсо ошол жакка калтырып койгон жакшы экен. Мээге бардыгын сактай берүү тез эле депрессияга алып келет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: