Menu

УКМК кылмыштуу топтун пайдасына чечим чыгарган төрт судьяга кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Кылмыштуу топтун пайдасына адилетсиз чечим чыгарган Жогорку жана Бищкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш-иши козголду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан сот органдарынын системасынын коррупциялык багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган.

«Тактап айтканда, айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, КР сот системасынын кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерлик иш-аракетинин объекттерин жана мыйзамсыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.

2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурунку 1 сотуна УКМК Башкы тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319- беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон», – деп айтылат маалыматта.

Мекеменин билдиргенине караганда, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: