Menu

Жалал-Абадда көмүскө иштеген кумарканалар аныкталды

Бөлүшүү:

Сузак районунун борборунда жана Жалал-Абад шаарында «оюн клубу» деген атты жамынып алып, Интернет аркылуу кумар оюндары ойнотулган жайлар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер кызматкерлери кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүп, Сузактан тогуз компьютер, Жалал-Абад шаарынан 11 компьютер далил буюм катары алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен («Кумар оюндарын өткөрүүүчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү») кылмыштын белгилери аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Сузак районундагы кумар ойноочу көмүскө жайды иштетип жаткан 43 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салган мыйзам иштеп жатканына сегиз жылдан ашты.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: