Menu

Суракматов Бишкекти эмес, жеке бизнесин гүлдөтүп жатабы?

Бөлүшүү:

Бишкектин мэри Суракматов катуу иштеп жаткан түр көрсөтүп келатканына көп эле болду. Эл деле анын ар кандай ыкмаларды колдонуп шымаланганына көнүп калгандай. Айтор, анын кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылык бизнестерин да укмуштай гүлдөтө баштаганы тууралуу кептер тар чөйрөдө көп болууда. Маселен, ал Бакиевдин тушунда Бишкек шаардык кеңешин жетектеп, кызматтык укуктарын ашыкча пайдалануу менен курулуш тармагы боюнча бирден-бир монополист болуп келгени боюнча көп эле маалыматтар ЖМКларга жазылды. Бийликтин эркеси болгон Суракматов аз күн мурун орун басарларын алмаштырды. Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген Татьяна Кузнецова социалдык маселелер боюнча вице-мэр, Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Анын ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеген Азизбек Алымкулов келди. Мэрдин дагы бир буйругу менен капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген Уланбек Азыгалиев шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин орун басары болду. Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов Азыгалиевдин ордуна барды. Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды. Ал бул кызматка былтыр август айында дайындалган. Ал эми “түбөлүк вице-мэр” атка конгон Бакыт Дүйшембиев кызматынан ылдыйлап, Бишкек шаардык суу каналды жетектеп калды. Негизи Дүйшембиевдин мыйзамсыз иштери көп. Бирок анын ишине укук коргоочулар кызыккан жок.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: