Menu

Google, Facebook жана Twitter убадаларын аткарбаганы үчүн сынга кабылды

Бөлүшүү:

Google издөө кызматы жана Facebook менен Twitter социалдык түйүндөрү такталбаган маалматтарга каршы күрөшүү боюнча убадаларын аткарбай жатышат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын 28-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин ырасташынча, Facebook макулдашууларга карабастан, жаңылтууга алып келген жарнамалар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн эмес. Google жалган маалыматтардан арылуу үчүн кандай иш жасалганын түшүндүргөн жок. Twitter жарнамаларды жайгаштырууну көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды берген эмес.

Билдирүүдө Европарламенттеги шайлоонун алдында компанияларда эч кандай жылыш байкалбай жатканы айтылган.

2018-жылы күзүндө Евробиримдик такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча Facebook, Twitter жана Google менен ыктыярдуу регламент түзгөн. Документте саясий рекламаларга атайын белги коюу, туура эмес маалыматтарды тараткан интернет-ботторго каршы күрөшү каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: