Menu

Трамп Путинге токой өртүн өчүрүүдө жардамын сунуштады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүдө токой өртүнө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады. Бул тууралуу “РИА Новости” Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Сүйлөшүү Акүйдүн демилгеси менен өткөнү белгиленген.

“РИА Новости” жазгандай, Путин Трамптын сунушуна ыраазычылык билдирген. Орусия лидери эгер жардам керек болсо, кабыл аларын айткан. Путин АКШнын сунушу эки өлкөнүн толук форматтуу мамилелеринин жанданышынын башаты экенин белгилеген.

Америкалык тарап телефондук сүйлөшүүлөр боюнча үн ката элек.

Шаршембиде Путин токой өртүн өчүрүүгө Коргоо министрлигин тартууга буйрук берген. Бир нече күн мурда Красноярск крайынын губернатору Александр Усс Сибирдеги өрт эмне себептен өчүрүлбөй жатканын түшүндүргөн. “Бул кадимки эле табигый көрүнүш, күрөшүүдөн пайда жок, балким, зыян”, деген.

Орусиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: