Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүүнү аяктап, анын жыйынтыгы менен «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эки эле кылмыш иши козголду. Бири Шадиев, бири Зилалиев. Бири качып жүрөт. Бири камакта отурат. Калган дээрлик чейрек кылымдан ашык ээрден түшпөй мамлекеттин канын соргондор мыйзамсыз эмес, мыйзамдуу эле байышкан болуп чыгат. Эми ушуга ким ишенет? Президент Сооронбай Жээнбековдун «Коррупцияны ооздуктоого саясий эрким жетет» – деп Коопсуздук кеңешинде айткан сөзү ушинтип жыйынтыкталды. Көрсө эл «Райым миллиондун» ак эмгеги менен байыганын көрө алышпай жаманатты кылып жатышкан тура?..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ