– Бактыгүл Жаныбековна, 2018-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыктын көлөмү 16 218 сом деп жар салдыңыздар. Калп айттыңызбы? Эгер чын болсо кандай маалыматтын, анализдин жыйынтыгына таяндыңыздар? Дегенибиз, өткөн жылдын этегинде эле Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо айлык 15 752 сом деп апырткан эле. Сиздердин булардан ашып түшкөнүңүздөрдүн сыры эмнеде? Жел сөз, жалган цифра менен маяна көтөрүлдү дей бергенден элдин курсагы тоюп кетеби? Же өсүш сиздердин чөнтөгүңүздөрдөн орун алып жатабы? Кыргызстандан 2018-жылы башка өлкөлөргө 540 000 000 доллар рекорддук суммада акча чыгарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 90 000 000 долларга жогору экен. Сыртка ушунча капитал агылып жатса, кайсы тармак ээлеринин маяналары көтөрүлүп, маанайлары беш болуп жатат?.. АКШ тарабынан Кыргызстанга кайтарылып бериле турган 4,567 млн. доллар Бакиевдер уурдаган каражатпы же Гуревичтин акчасыбы?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ