Menu

Ташкент акимчилиги имамдарды көп аял алууга каршы күрөшүүгө чакырды

Бөлүшүү:

1-мартта Ташкенттин жетекчилиги борбордогу имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаар акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда борбордогу мечиттердин абалы жөнүндө сөз болду. Анда калаа жетекчилиги имамдарды жаман жолго түшкөн жарандарга жардам берүүгө жана мечитке түшкөн акчаны туура пайдаланууга чакырды.

Мындан тышкары жолугушууда өзбек коомчулугундагы көп аял алуу маселеси көтөрүлүп, шаар бийлиги имамдарды бул көрүнүштү жоюуга жана Жарандык актыларды каттоо мекемесинин күбөлүгү жок нике кыйбоого үндөштү.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Ташкентте 119 мечит бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: