Menu

Равшан Жээнбеков: “Түштүктөн президент келгенде эле Чүйдүн “дежур” аксакалдары трайбализмди курал кылып, кызмат бер деп президентке басым жасап киришет”

Бөлүшүү:

“Азыр уруулардын, трайбдардын саясий активдешип башташы, ачык эле Бишкектеги чоң ресторандардын биринде трайбдардын съездин өткөрүп, ошол съездге чоң-чоң көрүнүктүү саясатчылардын барып катышып жаткандыгы көп нерседен кабар берет. Айрым бир саясатчылар ошол трайбдарды өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 3-мартта саясатчы Равшан Жээнбеков ВВС жаңылыктар кызматына, кечээ Бишкекте өткөн “Ай тамга Солто” коомунун экс-премерлер Темир Сариев, Апас Жумагулов, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаевдер катышкан съездин талкуулап жатып.

“Мурун тымызын пайдаланып келишсе, азыр ачык эле экс-премьер-министрлер, мурдагы элчилер катышып олтурушат. Экс-премьерлердин, эчилердин, министрлердин, депутаттардын ошол съезддерге барып катышып жатканы – бул ошол трайбдарды саясый курал катары колдонууну коомго ачыктан-ачык таңуулап жатышканы болуп эсептелет. Экинчиден, мен бир нерсени байкадым, бизде, ар бир революциядан кийин, ушул Чүйдүн тегерегинде бир “дежур” чалдар бар, “дежур” аксакалдар бар, ошолор түштүктөн президент бийликке келгенде эле ушул трайбализмди саясый курал катары пайдалануну күчөтүшөт да, ошол аркылуу бийликке жардам бергенге аракет кылышат да же ошол аркылуу бийликке басым жасаганга аракет кылышат. Бул азыркы президент Сооронбай Жээнбековго түз же кыйыр түрдө сигнал берип жатышат: “Сен биз менен эсептешиң керек, биз айткан кадрларды кызматка коёсуң, эгерде койбой турган болсоң анда биз өзүбүзчө, өзүбүздүн уруулук уюмдар менен иш жүргүзөбүз” деп. Уруулардын съездине жанагыдай көрүнүктүү саясатчылардын катышып жатышы мына ушундан кабар берет… Ар кимибиз өзүбүздүн трайбдарыбызга кирип алып, трайбалисттик саясат жүргүзө турган болсок анда биз кыргыз мамлекетинин келечегине аябагандай чоң сокку урабыз. 21-кылымда биз ийгиликке уруулар жана трайбдар менен жетише албайбыз, 21-кылымда биз мамлекеттик институттарды бекемдөө менен жетише алабыз… Мамлекеттик институттардын үстүнөн кандайдыр бир трайбдар аркылуу же трайбалисттер аркылуу кайсы бир саясатты таңуулоо жана кадр маселелерин таңуулоо – бул 21-кылымда акылга сыйбаган көрүнүш. Өзгөчө түштүктөн президент келгенде эле жанагы “дежур” аксакалдар баш көтөрөт да  уруулар системасы аркылуу басым жасап калат. Азыркы күндө да мен билем биринчи кезекте жанагы съезд өткөрүп жаткандардын негизни саксаты – бул кадр маселеси, саясый соода жана артында бекинип турган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы болуп эсептелет. Трайбдардын съезди бул бизди артка тарта турган, уят кыла турган көрүнүш. Экс-премьерлердин, министрлердин, депутаттардын ошондой трайбдардын съездине барып катышып, ал съезддерди легитимизация кылып жатканы, анан “мейман катары эле катыштым” деп актанганы бул алардын көз караштарынын туура эмес, тайкы экендигинен кабар берет. Эмесе, ошол жерде эки экс-премьер-министр жүрөт, азыркы күндөгү депутаттар жүрөт, бул уят нерсе алар үчүн. Тилекке каршы бизде ушул трайбдык кадамдарды бийликке басым жасоо үчүн пайдаланып жатышат. Өзгөчө мына азыр муну президент Сооронбай Жээнбековго аябагандай чоң кысым катары пайдаланып жатышат. Аябагандай туура эмес жол менен басым жасашууда. Албетте буга саясатчылар да жана жөнөкөй адамдар да катышууда, бирок артынан каржылагандар бул саясатчылар. Трайбдарды пайдаланып, кызматтарды талап кылайын, уруулардын лидерлерин президентке жөнөтө коёоюн, “биздин урууга силер көңүл бөлбөй жатасыңар, бизге кызмат бербей жатасыңар” деп артында түрткүлөп тургандар булар саясатчылар менен ишкерлер”, – деди саясатчы Равшан Жээнбеков.

ВВС жаңылыктар кызматынын “Уруучул жыйындардын пайдасы барбы?” аттуу кечээги “Ай тамга Солто” уруусунун съездине арналган берүүсүнөн кыскартылып алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: