Menu

Мыйзамдуулук боюнча дүйнө рейтинги: Кыргызстан 85-орунда

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк Адилеттүүлүк долбоору (World justice Project) мыйзамдуулуктун орношу, адам укуктарынын сакталышы жана бийликтин адилеттүүлүгү боюнча дүйнө мамлекеттеринин жылдык рейтингин (Rule of Law Index) жарыялады.

Ага ылайык, 2019-жылы аталган шарттар боюнча эң жогорку көрсөткүч Дания, Норвегия жана Финляндия өлкөлөрүнө таандык болду.

Ал эми эң төмөнкү деңгээлде Конго, Камбоджия жана Венесуэла экени маалым болду.

Бул тизмеде Кыргызстан 126 өлкөнун ичинен 85-орунда жайгашып, өткөн жылдан үч орун артка кеткен. Орто Азия мамлекеттеринин ичинде эң мыйзамдуу өлкө болуп Казакс-ан аталды. Иликтөөгө Түркмөнстан менен Тажикстан катышпайт.

Мындан сырткары, мурунку абалынан кескин түрдө артка кеткен өлкө болуп өткөн жылдагыдай эле 126 өлкөнүн ичинсн 109-болуп Түркия таанылды. Мындан алты жыл мурунку тизмеде 30-40-орундарда жайгашчу Түркия азыр жарандардын укугу менен мал-мүлкүнүн корголушу жана бийликтин адилеттүүлүгү боюнча Венесуэланын гана артка калтырган. Аймактык бөлүп кароодо Чыгыш Европа жана Орто Азия тобунда болсо эң арттагы орунга жайгашкан.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: