Өз урууңду билген жакшы, бирок аны саясатташтыруунун кесепети жаман болорун биле жүргөнүбүз оң. Дегенибиз, 3-март күнү борбордогу «Ала – Тоо» ресторанында Темир Сариев, Апас Жумагулов, Канат Исаев, Ормон Шаршенов, Карыпбек Алымкулов, Адамкалый Чыныбаев, Мыктыбек Абдылдасв, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов, Бакыт Кудайбергенов, Эмир Чукуев баштаган экс-чиновниктер «Ай тамга Солто» коомунун курултайын өткөргөн маалда кер-мур айтышуу болуп, уруунун жыйыны саясатташып, ортодо өтө чоң жик салынганы ачыкка чыкты. Чынында эле бир солтону ичтен иритип, «Ай тамга» деп бөлө койгону Кудайга да, жалпы кыргызга да жакпайт. Уруунун ичинде уруктар ушинтип бөлүнүп жатса, бул эмне деген итчилик. Негизи, солто уруусунда жети кул деген бар, ошол да бүлүк салып жатышы мүмкүн. Абайлайлы, айланайындар!
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ