Menu

Фото – Жогорку Кеңештин төрагасын уят кылган сабатсыз кызматкерди ким калкалоодо?

Бөлүшүү:

1-март күнү Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган, кыргыз-орус тилдеринде аралаш бир топ ката менен жазылып, өкмөт башчысына жолдонгон расмий каты «фейсбук» айдыңына жарыяланып, кызуу талкууга түшкөнү маалым. Бүт коомчулук жерге түкүрсө, Жокенин кошоматчылары аны «фейк» деп сыпаттап, жасалма деген баасын беришкен. Бирок, Жогорку Кеңештин аппараты №6-993/19 документи боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин аргасыз мойнуна алышты.

Жогорку Кеңештин «абийири» ачылып калгандан кийин Парламенттин басма сөз жетекчиси Ибраим Нуракун уулу: «Бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештнн жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештнн Төрагасы Д. Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлумдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алды» деген билдирүү таратты.

Билдирүү чыгары менен жаны ачыган депутат Жанар Акаев: «Парламент өңү – ушул каттын өңүндөй» деген так жана таасын аныктамасын берди, бул бир. Экинчиси, катты төрага өзү жазган эмес дегени актанууга жатпайт. Өзү жазбаса дагы” кол алдындагылар даярдап келгенден кийин кол коёрдо бир карайт да. Эгерде жардамчысы тарабынан факсимиле аркылуу коюлса, анда ал жардамчыны эмнеге калкалайт? Ал кызматкер бүтүндөй мамлекетти, парламенттик өлкөнүн спикерин шылдың кылып жатпайбы? Эмне себептен анын атын ачык айтпай жымсалдап жатышат? Жардамчысы «былгыткан» болсо аны эмнеге жашырып, атын так айтпай жатышат? Бул жерде эскертүү, сөгүш дегендер өтпөйт. Спикерди уят кылганы үчүн кызматтан алынышы керек дагы мамлекеттик кызматка алынбашы керек. Билим деңгээли башталгыч класстын баласынан ылдый неменин бийлик өкүлдөрүнө жардамчылык кылууга кандай негиз бар?! Шермендечилик!

Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: