2019-жылдын 5-март күнү Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Абылкасымов Шокан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар эл аралык Конвенцияга ылайык экстрадициялоо маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ