Menu

Коронавирус илдети менен ооруп жаткан Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси каза болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-майда, болжол менен саат 21:00 чамасында №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Көкүмбаева Жүзүм Асановна Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу атайын булактар билдирди.

“Ал акылдуу, тажрыйбалуу адис жана сонун адам болгон. Биринчилерден болуп мобилдик бригада менен жөнөкөй дарыгерлердин чогу иштешин сындап чыккан. Анткени алар COVID-19 тастыкталган бейтаптар менен байланышта болушкан. Ошол эле учурда, алар жөнөкөй дарыгерлер менен чоогу тамактанып жана кийимдерин дагы чоогу алмаштырышчу. Натыйжада №3ү поликлиниканын 13 дарыгери ооруп калган. Жүзүм Асановна бирөөнүн этиятсыздыгынан улам уулуна да жуктуруп алган. Азыр дарыгерлер үчүн, алардын өмүрү жана жакындарынын жашоосу коркунучтуу”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча бул маселе боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин атайын булактар №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 13 дарыгери Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 диагнозу менен дарыланып жаткандыгын, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө экенин билдирген. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги сегиз гана дарыгер деп айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: