КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековдун КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган расмий катын даярдаган кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Спикердин үстүбүздөгү жылдын 12-февралындагы премьер-министрге жазган N6-993/19 номурлуу каты боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча спикердин иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер болгон анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков айыптуу деп табылып, ээлеген кызматынан алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ