Menu

Назым Мендебаиров, “Дем” театр студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири: “Ар бирибиз өз алдыбызча атактуу болдук”

Бөлүшүү:

Жыл сайын айымдардын Эл аралык 8-март майрамына карата таланттуу жигиттерден турган “Дем” театр студиясы концертин тартуулап келет. Адаттагыдай быйыл да айымдарды куттуктоо үчүн кызуу даярдык көрүп жатышкан чагы. Эске салсак, топтун концерти 7-8-9-март күндөрү 18-30да Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү.

– Назым мырза, 2003-жылкы түзүлгөн «Дем» театр студиясы менен азыркы “Демдин” ортосундагы айырмачылыкка токтолсоңуз?

– Ал учурда баары арык, 80 килого жетпеген, али эч кимге белгисиз жигиттер болсо, азыр ар бири атактуу, 80 килодон ылдыйы жок. (күлүп) Ар бири өз алдынча элдин оозуна илинген инсандар болуп калышты. Бирок бардыгын ошол убакта да, азыр да бириктирип турган чыгармачылык жана көкүрөктөгү жакшы бир чыгарманы көксөө.

– Жаш муундарды ала элексиздерби?

– Жок, биринчиден аларды багыш керек. Жумуш менен камсыздаш керек. Анын үстүнө биздин чыгармачылык коллективге кошулуу кыйыныраак. Бирок талапкер болуп жүргөн жигиттер көп.

– Күлкү аркылуу театр маданиятын пропагандалоого мүмкүнбү?

– Албетте. Биздин негизги максатыбыз театр маданиятын пропагандалоо жана биздин сатиралык номерлер дагы жөнөкөй интермедиялардан айырмаланып туруусун максат кылабыз.

– Адатта “Дем” театры үн, сөзү жок күлдүрөсүздөр. Бул жанр элге кандай өтөт? Адатта сүйлөгөн куудулдарга көнүп калганбыз да?

– Бул жанрдын аталышы “эксцентрика”. Бул жанрда иштеген Кыргызстанда бир-эки эле топ бар. Ошолордун бири бизбиз. Мунун жакшы жери улут тандабайт. Байкасаңыздар керек, биздин концертке орус, уйгур, чет өлкөлүктөр, кыскасы бардык улуттар келип көрө берет. Жанр өтө оор, ойноп жатканда тактыкты талап кылат.

– Топтун мүчөлөрүн “Дем” театры атактуу кылды деп айта алабызбы?

– Албетте, ар биринин жеке чыгармачылыгы атактуулукка жеткирди. Бирок биздин топтун салымы абдан зор.

– Адатта топтор көпкө жашабайт го. Ушунча адамдын башын ким же эмне кармап турат?

– Чыгармачылыкка болгон умтулуу жана ар кимдин өзүнүн ордун билүүсү деп ойлойм.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: